1. Башкы бет
  2. Категориялар
  3. Акыйда (ишеним)

Хадис Кайсы күнөө Аллах үчүн өтө оор? - деп пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сурадым. "Ал сени жаратканына карабай, Ага башканы шерик кошууң

عَنْ عَبْدِ اللهِ بنِ مَسْعُودٍ رضي الله عنه قال:
سَأَلْتُ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: أَيُّ الذَّنْبِ أَعْظَمُ عِنْدَ اللهِ؟ قَالَ: «أَنْ تَجْعَلَ لِلهِ نِدًّا وَهُوَ خَلَقَكَ» قُلْتُ: إِنَّ ذَلِكَ لَعَظِيمٌ، قُلْتُ: ثُمَّ أَيُّ؟ قَالَ: «وَأَنْ تَقْتُلَ وَلَدَكَ؛ تَخَافُ أَنْ يَطْعَمَ مَعَكَ» قُلْتُ: ثُمَّ أَيُّ؟ قَالَ: «أَنْ تُزَانِيَ حَلِيلَةَ جَارِكَ».

Абдуллах бин Масуъд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:
Кайсы күнөө Аллах үчүн өтө оор? - деп пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сурадым. "Ал сени жаратканына карабай, Ага башканы шерик кошууң" - деди. Ырас, бул өтө оор. Андан кийин кайсы күнөө? - деп сурадым. "Өзүң менен бирге аны багуудан коркуп, балаңды өлтүрүүң" - деди. Андан кийин кайсы? - дедим. "Кошунаңдын аялы менен ойноштук кылууң" - деди.

Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган) Сахих ал-Бухари - 4477

Чечмелөө

Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эң чоң күнөөлөр тууралуу суралды эле, ал мындай деди: Күнөөнүн эң чоңу - чоң ширк. Чоң ширк - бул, Аллахка Анын улухиятына же рубубиятына же ысым-сыпаттарына башканы окшоштуруп, шерик кылып алуу. Бул күнөөнү Аллах Таала тообо аркылуу гана кечирет. Эгер ширк кылып жүргөн адам тообо кылбай өтүп кетсе, анда ал тозокто түбөлүк калат. Андан кийинкиси багуудан коркуп баласын өлтүрүү. Адам өлтүрүү арам. Ал эми өлтүрүлгөн адам өлтүрүүчүнүн канынан бүткөн адам болсо, анын күнөөсү мындан да оор. Анан да эгер өлтүрүүчүнүн өлтүрүүдөгү максаты өзүн ырыскы берүүдө Аллахка шерик кылып алып, ырыскы бере албайм деп коркон учурда болсо күнөө ого бетер оорлойт. Андан кийинкиси кошунасынын аялы менен зына кылуусу, кошунасынын аялына кыянаттык кылуу менен зына кылып, аны өзүнө көндүрүп алуу. Зына кылуу арам. Бирок шарият жакшылык кылууга жана жакшы мамиледе болууга үндөгөн кошунанын аялы менен зына кылуу күнөөнү ого бетер оорлотот.

Хадистин пайдалары

  1. Ийги иш-амалдар (сообунун) артыкчылыгында айырмаланган сыяктуу, күнөөлөр да чоңдугуна жараша айырмаланат.
  2. Күнөөлөрдүн эң чоңу: Аллах Таалага ширк кылуу, андан кийинкиси өзүң менен бирге багуудан коркуп балаңды өлтүрүүң, андан кийинкиси кошунаңдын аялы менен зынаа кылууң.
  3. Ырыскы Аллахтын колунда, жаратылгандардын баарынын ырыскысын Ал Өз моюнуна алган.
  4. Кошунанын укугу жогору. Ага зыян тийгизүү башкага зыян тийгизүүдөн оор күнөө.
  5. Жаратуучу, Ал гана ибадат кылынууга татыктуу, Ал жалгыз, Анын шериги да жок.

Котормолорду көрсөтүү

60 Тил
EN English الإنجليزية
UR اردو الأوردية
ES Español الإسبانية
ID Indonesia الإندونيسية
UG ئۇيغۇرچە الأيغورية
BN বাংলা البنغالية
FR Français الفرنسية
TR Türkçe التركية
RU Русский الروسية
BS Bosanski البوسنية
SI සිංහල السنهالية
HI हिन्दी الهندية
ZH 中文 الصينية
FA فارسی الفارسية
VI Tiếng Việt الفيتنامية
TL Tagalog تجالوج
KU Kurdî الكردية
HA Hausa الهوسا
PT Português البرتغالية
ML മലയാളം المليالم
TE తెలుగు التلغو
SW Kiswahili السواحيلية
TA தமிழ் التاميلية
MY မြန်မာ البورمية
TH ไทย التايلندية
DE Deutsch الألمانية
JA 日本語 اليابانية
PS پښتو بشتو
AS অসমীয়া الأسامية
SQ Shqip الألبانية
SV Svenska السويدية
AM አማርኛ الأمهرية
NL Nederlands الهولندية
GU ગુજરાતી الغوجاراتية
NE नेपाली النيبالية
YO Yorùbá اليوروبا
LT Lietuvių الليتوانية
PRS دری الدرية
SR Српски الصربية
SO Soomaali الصومالية
TG тоҷикӣ الطاجيكية
RW Kinyarwanda الكينياروندا
RO Română الرومانية
HU Magyar المجرية
CS Čeština التشيكية
MOS Moore الموري
MG Malagasy المالاجاشية
OM Oromoo الأورومو
KN ಕನ್ನಡ الكانادا
WO Wolof الولوف
AZ Azərbaycan الأذربيجانية
UZ O‘zbek الأوزبكية
UK Українська الأوكرانية
KA ქართული الجورجية
MK Македонски المقدونية
KM ភាសាខ្មែរ الخميرية
BM Bambara البامبارية
PA ਪੰਜਾਬੀ البنجابية
MR मराठी الماراثية
KMR Kurmancî الكرمنجية