عن أبي مسعود الأنصاري رضي الله عنه قال:
جَاءَ رَجُلٌ إِلَى النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَقَالَ: إِنِّي أُبْدِعَ بِي فَاحْمِلْنِي، فَقَالَ: «مَا عِنْدِي»، فَقَالَ رَجُلٌ: يَا رَسُولَ اللهِ، أَنَا أَدُلُّهُ عَلَى مَنْ يَحْمِلُهُ، فَقَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «مَنْ دَلَّ عَلَى خَيْرٍ فَلَهُ مِثْلُ أَجْرِ فَاعِلِهِ».

[صحيح] - [رواه مسلم] - [صحيح مسلم: 1893]
المزيــد ...

Абу Масууд Аль-Ансари, радыяллаху анху, айтты:
Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алдына бир киши келип: «Менин улоом өлүп калды, мага мени мингизип алып жүргөнү улоо берчи» десе, Пайгамбар ага: «Менде жок» - деди. Башка бир киши: «Оо, Аллахтын Элчиси, мен ага аны ким мингизип аларын көрсөтөм» - деди. Ошондо Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Ким жакшылыкка жол көрсөтсө, анда ага аны аткарган адамдын сообундай сооп болот» - деп айтты.

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муслим жазып калтырган] - [Сахих Муслим - 1893]

Түшүндүрмө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, бир киши келип: «Менин төөм өлүп калды, мени мингизип алып кеткени мага бир улоо бергиле» - деди. Ошондо, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, андан үзүр сурады, анткени аны мингизе турган эч нерсеси жок болчу. Ошол жерде турган бир адам айтты: «Оо, Аллахтын Элчиси, мен аны ким мингизээрин айтам» - деди. Ошондо Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) садака бергендин сообуна шерик болорун айтты. Анткени ал муктажга жардам берүүчү адамды көрсөтүп койду.

Хадистин пайдалары

  1. Жакшылыкты көрсөтүүгө кызыктыруу.
  2. Жакшылыкка үндөө – мусулман коомчулугунун ынтымагын жана бири-биринин кемчилигин толуктоо себептеринин бири.
  3. Аллах Тааланын пазилети кең.
  4. Хадисте жалпы эреже бар. Ошондуктан ага бардык жакшы амалдар кирет.
  5. Эгер адам суроочунун каалоосун орундата албаса, анда анын суроосун орундата турган башка бирөөнү көрсөтүү керек.
Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Тажикче Руандача Румынча Венгерче Чехче الموري Малагасиче Фуланиче Италянча Оромочо Каннадача الولوف البلغارية Азерче اليونانية الأكانية Өзбекче Украинче الجورجية اللينجالا المقدونية الخميرية البامبارية البنجابية الماراثية الياو
Котормолорду көрсөтүү
Дагы...