عن جابر رضي الله عنه أن رسول الله صلى الله عليه وسلم قال:
«رَحِمَ اللهُ رَجُلًا سَمْحًا إِذَا بَاعَ، وَإِذَا اشْتَرَى، وَإِذَا اقْتَضَى».
[صحيح] - [رواه البخاري] - [صحيح البخاري: 2076]
المزيــد ...
Жабир (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты.
«Сатканда, сатып алганда жана өз акысын талап кылганда жоомарт адамды Аллах ырайымына алсын».
[Сахих (ишенимдүү)] - [Бухари жазып калтырган] - [Сахих ал-Бухари - 2076]
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) соода-сатыкта жеңил, кечиримдүү жана берешен болгон адамга ырайым тилеп дуба кылды. Ал адам кардарга бааны көтөрбөстөн, ага жакшы кулк-мүнөз менен сылык мамиле кылышы керек. Эгерде сатып алчу болсо, анда товардын баасын төмөндөтпөй жана арзандатпай жеңил, жоомарт, берешендик менен сатып алсын. Карыздарын талап кылганда карыздар адам кедей же муктаж болсо, анда ага оор мамиле кылбай, жумшак жана сылык мамиле кылыш керек. Эгерде карызын төлөй албаса, анда ага кошумча убакыт берип күтүү керек.