+ -

عن أبي هريرة رضي الله عنه أن رسول الله صلى الله عليه وسلم قال:
«كان رجلٌ يُدَايِنُ الناسَ، فكان يقول لفتاه: إذا أتيتَ مُعسِرًا فتجاوز عنه، لعل اللهَ يَتجاوزُ عنا، فلقي اللهَ فتجاوز عنه».

[صحيح] - [متفق عليه]
المزيــد ...

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты.
«Бир киши адамдарга ар дайым карыз берет эле. Ал карызды чогулткан жаш жигитине: «Эгерде кедей карыздар адамга жолугуп калсаң, анда анын карызын кечип жибер. Балким Аллах бизди да кечирээр» - деп айтат эле. Ошондуктан ал көз жумуп Аллахка жолукканда Аллах Таала аны кечирди».

Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)

Түшүндүрмө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, адамдарга карыз берип жакшы мамиле кылган киши жөнүндө же аларга бир нерсени сатканда бир канча мөөнөттөн кийин төлөөгө макул болуп саткан киши жөнүндө кабар берип жатат. Ал адамдардагы карыздарын чогулткан кызматкерине мынтип айтат эле: «Эгерде карызды чогулткан учурда карыздар адам өтө муктаж болгондуктан алган карызын төлөй албай турган болсо, анда анын карызын же кечип жибер же болбосо кошумча убакыт бер жана аны шаштырба». Же болбосо карыздын канчасын төлөй алса ошону алып, калганын кечип жибер». Ал киши бул кылган иштери аркылуу Аллахтан кечирүүсүн үмүт кылган. Ошондуктан ал өлгөндө Аллах анын күнөөлөрүн кечирип, жамандыктарын жоюп салды.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Тажикче Руандача
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Адамдарга жакшы мамиле кылуу, аларга кечиримдүү болуу жана кедейдин карызын кечип жиберүү - бул кыямат күнү пенденин азаптан кутулуусунун эң чоң себептеринен болот.
  2. Адамдарга жакшылык кылуу, Аллахка ыкластуу болуу жана анын ырайымын үмүт кылуу - бул күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот.
Дагы...