____
[] - []
المزيــد ...
Абу Хамза Анас бин Малик, Аллахтын элчисинин кызматчысы (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Силердин эч кимиңер өзүнө жакшы көргөн нерсени диндеш боордошу үчүн да жакшы көрмөйүнчө ыйманы толук болбойт".
[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [الأربعون النووية - 13]
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулман адам дүйнө жана акыретке тиешелүү жакшылык иштерде, таат-ибадатта өзүнө жакшы көргөндү диндеш тууганына да жакшы көрмөйүнчө, өзүнө жек көргөндү ага да жек көрмөйүнчө ыйманы толук болбостугун айткан. Эгерде диндеш тууганынын дининде кемчилигин көрсө, аны оңдоого тырышат. Эгер жакшылыкты көрсө, аны улантууга жардам берет. Дүйнө ишинде да, акырет ишинде да насаатын айтып, кеңеш берип турат.