Категория:
+ -

عَنْ أَبِي مُـحَمَّدٍ الحَسَنِ بْنِ عَلِيِّ بْنِ أَبِي طَالِبٍ - سِبْطِ رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ وَرَيْحَانَتِهِ-، قَالَ: حَفِظْتُ مِنْ رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ:
«دَعْ مَا يَرِيبُك إلَى مَا لَا يَرِيبُكَ».

[صحيح] - [رواه الترمذي والنسائي] - [الأربعون النووية: 11]
المزيــد ...

"Абу Мухаммад Хасан бин Али бин Абу Талиб, Аллахтын элчисинин жыпар жыттуу небереси (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчисинен бул сөздөрдү жаттап алгам:
"Шек-күмөндүү ишти таштап, күмөнү жок ишти кыл".

[Сахих (ишенимдүү)] - [رواه الترمذي والنسائي] - [الأربعون النووية - 11]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сөз болобу, иш болобу, арамбы же адалбы, тыйуу салынганбы же тыйуу салынбаганбы, белгисиз болгон шектүү нерселерди таштоого буйруган. Анын ордуна эч кандай шеги жок иштерди кылуу керек.

Хадистин пайдалары

  1. Мусулман адам өз ишин ачык-айкындыкка негиздеп, күмөндүү нерселерди ташташы керек. Дининде көрөгөч болуусу зарыл.
  2. Шек-күмөндүү иштерге кирүүгө тыюу салынган.
  3. Эгер бейпилдикти, ырахатты кааласаң, шектүү нерселерди таштап, аларды четке ыргыт.
  4. Пенделерин жан дүйнөнү эс алдырган иштерге буйруп, тынчын кетирген иштерден тыйганы Аллах Тааланын ырайымдуулугунан.
Котормо: Алглисче Урдуча Индонезияча Бангалча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Тайландча Немисче Пуштунча Ассамча Албанча Амхарча Гужаритиче Непалча Литвача Дариче Сербче Тажикче Руандача Венгерче Чехче الموري Каннадача الولوف Азерче Өзбекче Украинче الجورجية المقدونية الخميرية
Котормолорду көрсөтүү
Категориялар
Дагы...