Категория:
+ -

عَنْ أَبِي يَعْلَى شَدَّادِ بْنِ أَوْسٍ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ عَنْ رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ:
«إِنَّ اللهَ كَتَبَ الْإِحْسَانَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ، فَإِذَا قَتَلْتُمْ فَأَحْسِنُوا القِتْلَةَ، وَإِذَا ذَبَحْتُمْ فَأَحْسِنُوا الذِّبْحَةَ، وَلْيُحِدَّ أَحَدُكُمْ شَفْرَتَهُ، وَلْيُرِحْ ذَبِيحَتَهُ».

[صحيح] - [رواه مسلم] - [الأربعون النووية: 17]
المزيــد ...

Абу Йъала Шаддад бин Аус (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
«Чындыгында, Аллах бардык нерсеге жакшылык кылууну буйруган. Ошондуктан өлтүрсөңөр, кыйнабай өлтүргүлө. Мууздасаңар, кыйнабай мууздагыла. Мууздаган адам бычагын курчутуп алсын, жандыктын жанын кыйнабай чыгарсын».

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муслим жазып калтырган] - [الأربعون النووية - 17]

Түшүндүрмө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Аллах Таала бизге бардык нерседе жакшылык кылууга буйруганын кабарлады. Жакшылык кылуу - бул ар дайым Аллахтын көзөмөлдөп туруусу, Ага ибадат кылуу, жакшылык кылуу жана макулуктарга зыян келтирүүдөн сактануу. Ошондой эле өлтүрүүдө да жана союуда да жакшылык кылуу.
Касас өкүмүн тургузуп жаткан учурда да өлтүрүүдө жакшылык кылуу - бул өлүм жазасына тартылып жаткан адамды өлтүрүү үчүн эң оңой, эң жеңил жана тез жолду тандоо.
Мал жандыкты союуда жакшылык кылуу – бул бычакты курчутуу менен малга жумшак мамиле кылуу. Малды каратып туруп анын алдында бычакты курчутпоо. Башка мал жандыктардын көз алдында мууздабоо.

Хадистин пайдалары

  1. Аллах Тааланын ырайымы жана Анын макулуктарына болгон боорукерлиги.
  2. Өлтүрүүнүн жана союунун жакшылыгы – шарият көрсөткөн түрдө болуусу.
  3. Шарияттын кемчиликсиздиги жана бардык жакшылыктарды камтышы. Мына ошол жакшылыктар жаныбарларга мээримдүүк кылууну жана аларга жумшак мамиле кылууну камтыйт.
  4. Адамды өлтүргөндөн кийин денесин кескилөөгө тыюу салынат.
  5. Жаныбарларды кыйнаган нерселердин бардыгына тыюу салынат.
Котормо: Алглисче Урдуча Индонезияча Бангалча Түркчө Орусча Боснияча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Тайландча Немисче Пуштунча Ассамча Албанча Амхарча Гужаритиче Непалча Дариче Сербче Тажикче Руандача Венгерче Чехче الموري الولوف Азерче Өзбекче Украинче الجورجية المقدونية الخميرية
Котормолорду көрсөтүү
Категориялар
Дагы...