عن أبي هريرة رضي الله عنه أن رسول الله صلى الله عليه وسلم كان يقول:
«الصَّلَوَاتُ الْخَمْسُ، وَالْجُمُعَةُ إِلَى الْجُمُعَةِ، وَرَمَضَانُ إِلَى رَمَضَانَ، مُكَفِّرَاتٌ مَا بَيْنَهُنَّ إِذَا اجْتَنَبَ الْكَبَائِرَ».
[صحيح] - [رواه مسلم] - [صحيح مسلم: 233]
المزيــد ...
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айткан эле:
«Беш убак намаз бири-бирине чейинки, жума намазы келерки жумага чейинки, Рамазан айы келерки Рамазан айына чейинки кичине күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот, эгерде чоң күнөөлөрдөн алыс болсо».
[Сахих (ишенимдүү)] - [Муслим жазып калтырган] - [Сахих Муслим - 233]
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чоң күнөөлөрдөн алыс болуу шарты менен бир күндөгү беш убак парз намаздардын ортосундагы, ар бир аптадагы жума намазы менен кийинки жума намазын ортосундагы жана жыл сайын рамазан айындагы орозо менен кийинки орозонун ортосундагы кичине күнөөлөрдүн кечирилишин кабарлап жатат. Ал эми зына жана арак ичүү, ж.б.у.с. чоң күнөөлөр тооба менен гана кечирилет.