عن أبي هريرة رضي الله عنه قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم:
«لَا تَجْعَلُوا بُيُوتَكُمْ قُبُورًا، وَلَا تَجْعَلُوا قَبْرِي عِيدًا، وَصَلُّوا عَلَيَّ؛ فَإِنَّ صَلَاتَكُمْ تَبْلُغُنِي حَيْثُ كُنْتُمْ».
[حسن] - [رواه أبو داود] - [سنن أبي داود: 2042]
المزيــد ...
Абу Хурайра (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
«Үйүңөрдү мүрзөгө айлантып албагыла. Менин кабырымды кез-кезде ибадат кылуучу жай кылып албагыла. Мага салават айткыла. Чындыгында, силер кайсыл жерде болсоңорда силердин салаватыңар мага жетип турат».
[Хасан (жакшы)] - [Абу Дауд жазып калтырган] - [Сунан Абу Дауд - 2042]
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үйлөрдө намаз окулбай калуудан тыйды. Үйлөрдө намаз окулбай калса, анда алар намаз окулбаган кабырлар сыяктуу болуп калат. Ошондой эле кабырын кайра-кайра зыярат кылуудан жана анын тегерегинде кез-кезде жыйналууну адат кылуудан тыйды. Анткени бул нерселер ширк кылууга жол ачат. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жердин кайсыл бурчунан болбосун салават айтууга буйруду. Анткени айтылган салават алыстан же жакындан болсун, ага жетип турат. Салават айтуу үчүн Пайгамбардын кабырына баруунун зарылчылыгы жок.