عن أنس بن مالك رضي الله عنه أن رسول الله صلى الله عليه وسلم قال:
«مَنْ أَحَبَّ أَنْ يُبْسَطَ لَهُ فِي رِزْقِهِ، وَيُنْسَأَ لَهُ فِي أَثَرِهِ، فَلْيَصِلْ رَحِمَهُ».

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح البخاري: 5986]
المزيــد ...

Анас бин Малик (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
«Кимде-ким ырыскысы кенен болушун кааласа, өмүрүн узун болушун кааласа, анда тууганчылык байланышын бекемдесин».

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих ал-Бухари - 5986]

Түшүндүрмө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) тууганчылык байланышты зыярат кылуу менен, сый-урмат жана материалдык, ж.б.у.с сыйлыктар менен бекемдөөгө чакырып жатат. Тууганчылык байланышты бекемдөө ырыскынын мол болушуна, өмүрдүн узун болушуна себеп болот.

Хадистин пайдалары

  1. Тууганчылык – бул ата менен эне тараптан болгон жакындар. Ал канчалык жакын болсо, ошончолук байланышка татыктуу болот.
  2. Иш-аракеттин түрүнө жараша сооп-сыйлык болот же жаза болот. Ошондуктан кимде-ким тууганчылык байланышын жакшылык менен жана кайрымдуулук менен бекемдесе, анда Аллах Таала анын өмүрүн узартып, ырыскысына береке берет.
  3. Туугандык байланышты бекемдөө – ырыскынын кеңейишине жана өмүрүнүн узун болушуна себеп болот. Ал эми ажал жана ырыскы чектелген болсо да, бирок анын ырыскысында жана өмүрүндө береке болушу мүмкүн. Ырыскысында жана өмүрүндө береке болушу – жашоосунда башкаларга караганда пайдалуу жана көп нерселерди аткаруу менен болот. Чынында ырыскысы көбөйүп, өмүрү узарат деген да сөздөр бар. Аллах Билүүчү.
Котормолорду көрсөтүү
Тили: Алглисче Урдуча Испанча Дагы... (67)
Дагы...