+ -

عَنْ أَبِي الدَّرْدَاءِ رضي الله عنه أَنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ:
«مَا شَيْءٌ أَثْقَلُ فِي مِيزَانِ الْمُؤْمِنِ يَوْمَ القِيَامَةِ مِنْ خُلُقٍ حَسَنٍ، وَإِنَّ اللَّهَ لَيُبْغِضُ الفَاحِشَ البَذِيءَ».

[صحيح] - [رواه أبو داود والترمذي]
المزيــد ...

Абу Дарда (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Кыямат күнү ыймандуу адамдын таразасына салмак боло турган жакшы кулк-мүнөздөн өткөн оор нерсе жок. Чынында, Аллах бузуку жана богооз адамдарды жаман көрөт".

- Ат-Тирмизи жазып калтырган.

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кыямат күнү ыймандуу адамдын таразасына салмак боло турган иштердин жана сөздөрдүн эң оору - жакшы кулк-мүнөз экенин айткан. Жакшы кулк-мүнөз - бул, жарык маанай, эч кимге зыян тийгизбөө, жакшылыкты көп кылуу ж.б. Аллах Таала иши жана сөзү бузук адамдарды жана сүйлөгөн сөзү башкаларды иренжите турган адамдарды жакшы көрбөйт.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Күртчө Хаусача Португалча Свахиличе Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Гужаритиче Непалча Йорубача Дариче Сомаличе
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Жакшы кулк-мүнөздүн артыкчылыгы (көп); анткени, жакшы кулк-мүнөздүн ээси Аллахтын сүйүүсүнө, пенделердин сүйүүсүнө ылайыкту болот. Кыямат күнү таразада салмак болот.
Дагы...