عن حذيفة رضي الله عنه قال: سمعت النبي صلى الله عليه وسلم يقول:
«لَا يَدْخُلُ الْجَنَّةَ قَتَّاتٌ».

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح البخاري: 6056]
المزيــد ...

Хузайфа (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте ал айтты: «Мен Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтканын уктум:
«Ушакчылар бейишке кирбейт»».

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих ал-Бухари - 6056]

Түшүндүрмө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдардын арасында бузукулук кылууну көздөп сөз ташыган ушакчы бейишке кирбестен жазага татыктуу экенин кабарлап жатат.

Хадистин пайдалары

  1. Ушак айтуу чоң күнөөлөрдүн бири.
  2. Жеке адамдар жана жамааттын ортосунда бузукулук жана зыян болгондугу үчүн ушак айтууга тыюу салынган.
Котормолорду көрсөтүү
Тили: Алглисче Урдуча Испанча Дагы... (67)
Дагы...