+ -

عن أبي هريرة رضي الله عنه عن النبي صلى الله عليه وسلم قال:
«اجْتَنِبُوا السَّبْعَ الْمُوبِقَاتِ»، قَالُوا: يَا رَسُولَ اللهِ وَمَا هُنَّ؟ قَالَ: «الشِّرْكُ بِاللهِ، وَالسِّحْرُ، وَقَتْلُ النَّفْسِ الَّتِي حَرَّمَ اللهُ إِلَّا بِالْحَقِّ، وَأَكْلُ الرِّبَا، وَأَكْلُ مَالِ الْيَتِيمِ، وَالتَّوَلِّي يَوْمَ الزَّحْفِ، وَقَذْفُ الْمُحْصَنَاتِ الْمُؤْمِنَاتِ الْغَافِلَاتِ».

[صحيح] - [متفق عليه]
المزيــد ...

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Кыйратуучу жети күнөөдөн алыс болгула». Ошондо сахабалар: «Оо, Аллахтын элчиси! Алар кайсылар?» — деп сурашты. Аллахтын элчиси: «Аллахка ширк кылуу, сыйкырчылык, Аллах өлтүрүүнү арам кылган жанды эч бир акысыз өлтүрүү, сүткорлук кылуу, жетимдин мал-мүлкүн жегендик, согуш учурунда артка качуу жана күнөө кылуудан капилетте калган, абийирдүү жана ыймандуу аялдарга бузуку деп жалаа жабуу» - деп айтты».

Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)

Түшүндүрмө

Аллахтын элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, үммөтүн жети кыйратуучу күнөөлөрдөн алыс болууга буйруп жатат. Жана андан күнөөлөр жөнүндө «алар кайсылар?» деп суралганда төмөндөгүчө баяндады:
Биринчиси: Аллах Таалага ширк кылуу. Бул бир нерсенин кандай түрү болбосун Аллах Таалага окшотуу жана Аллах Тааланы ал нерселерге окшоштуруу менен Ага шерик кошуу. Ибадаттарды Аллахтан башкага кылуу. Аллахтын элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, ширктен баштады. Анткени бул күнөөлөрдүн эң чоңу.
Экинчиси: Сыйкырчылык. Бул түйүндү дубалоо, кара дуба окуу, дары-дармектерди дубалап коюу жана түтөткү түтөтүү. Бул нерселер адамга өлүм же оору менен зыян берет же күйөөсү менен аялын ажыраштырат. Бул сыйкыр шайтандын иши. Сыйкырдын көпчүлүгүнө ширк кылуу менен, жиндердин жакшы көргөн нерселери аркылуу жиндерге жакын болуу менен гана сыйкырчылыка жетишүүгө болот.
Үчүнчүсү: Аллах өлтүрүүнү арам кылган жанды эч бир акысыз өлтүрүү. Өлтүрүү шарияттагы себеп (1) менен болсо гана казы сот аркылуу ишке ашырат.
Төртүнчүсү: Сүткорлук кылуу. Бул сүткорлук менен жан багуу же андан башка иштерде сүткорлук менен пайда алып келүү.
Бешинчиси: Жетимдин мал-мүлкүн жегендик. Бул бойго жете элек, атасы каза болгон жетимдин байлыгын зулумдук менен пайдалануу.
Алтынчы: Согуш учурунда артка качуу. Бул каапырлар менен болгон согушта артка качуу.
Жетинчиси: Күнөө кылуудан капилетте калган, абийирдүү жана ыймандуу аялдарга бузуку деп жалаа жабуу. Бул күнөөдөн таза аялдарды жана эркектерди зынакор деп жалаа жабуу.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сомаличе Тажикче Руандача
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Чоң күнөөлөр хадисте эскерилген жети күнөөгө чектелбейт. Хадисте эскерилген күнөөлөр өтө чоң жана өтө коркунучтуу болгондуктан өзгөчөлөнүп эскерилди.
  2. Кисас(1), ридда(2), үйлөнгөн адамдын зына кылуусу ж.б.у. с. себептер менен адамды өлтүрүүгө укуктуу кылат жана өлүм жазасын казылар гана ишке ашырышат.
Дагы...