عن أبي بَكرة رضي الله عنه قال: سمعت رسول الله صلى الله عليه وسلم يقول:
«إِذَا الْتَقَى الْمُسْلِمَانِ بِسَيْفَيْهِمَا فَالْقَاتِلُ وَالْمَقْتُولُ فِي النَّارِ»، فَقُلْتُ: يَا رَسُولَ اللهِ هَذَا الْقَاتِلُ، فَمَا بَالُ الْمَقْتُولِ؟ قَالَ: «إِنَّهُ كَانَ حَرِيصًا عَلَى قَتْلِ صَاحِبِهِ».
[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح البخاري: 31]
المزيــد ...
Абу Бакра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылып айтат: «Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтканын уктум:
«Эки мусулман бири-бири менен кылычташып урушканда, өлтүргөн да жана өлгөн да тозоко түшөт. Ошондо мен: «Аллахтын Элчиси, бул киши өлтүргөн адам, а бирок өлтүрүлгөн адамда эмне күнөө?» - деп айттым. Аллахтын Элчиси: «Ал да шеригин өлтүргүсү келген» - деди».
[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих ал-Бухари - 31]
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эгерде эки мусулман бири-бирин жок кылууну көздөп кылычташып урушса, анда өлтүргөн киши экинчисин түздөн-түз өлтүргөндүктөн тозоко түшөөрүн кабарлады. Өлтүрүлгөн адам туурасында сахабалар: «Ал тозокко кандай түшөт?» - деп сурашканда, Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ал да шеригин өлтүргүсү келгени үчүн кылычын көтөрүп чыкканын айтты. Андыктан ал да тозоко түшөөрүн, аны өлтүрүүдөн башка эч кандай максаты болбогондугун жана аны шериги өлтүрүп койгондугун кабар берди.