عَنْ أَبِي العَبَّاسِ سَهْلِ بْنِ سَعِدٍ السَّاعِدِيِّ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ قَالَ: جَاءَ رَجُلٌ إِلَى النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، فَقَالَ: يَا رَسُولَ اللَّهِ، دُلَّنِي عَلَى عَمَلٍ إِذَا عَمِلْتُهُ أَحَبَّنِي اللَّهُ وَأَحَبَّنِي النَّاسُ، فَقَالَ:
«ازْهَدْ فِي الدُّنْيَا يُحِبُّكَ اللَّهُ، وَازْهَدْ فِيمَا عِنْدَ النَّاسِ يُحِبُّكَ النَّاسُ».
[قال النووي: حديث حسن] - [رواه ابن ماجه وغيره بأسانيد حسنة] - [الأربعون النووية: 31]
المزيــد ...
Абу Аббас Сахл бин Саад ас-Саади (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир киши келип: "О Аллахтын элчиси! Мага аны аткарсам Аллах да, пенделер да жакшы көрө турган ишти айтыңызчы?" - деди. Ал мындай жооп берди:
"Дүнүйөгө кызыкпа - Аллах сени жакшы көрөт. Адамдардын колундагы нерселерге кызыкпа - адамдар сени жакшы көрөт".
-
Бир киши пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кайсы ишти аткарса Аллах Таала да, адамдар да жакшы көрөрүн сурайт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): бул дүйнөдө ашыкча болгон, акыретиңе пайдасы жок, диниңе зыянын тийгизе турган нерселерден баш тартсаң, Аллах жакшы көрөт. Ал эми адамдардын колундагы нерселерден баш тартсаң, адамдар жакшы көрөт. Анткени алар дүнүйөнү жакшы көрөт, дүнүйө топтоодо атаандаш болгон адамды жаман көрүшөт. Аларга атаандашпай таштап койгон адамды жакшы көрүшөт.