عَنِ النَّوَّاسِ بْنِ سِمْعَانَ الْأَنْصَارِيِّ رضي الله عنه قَالَ:
سَأَلْتُ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ عَنِ الْبِرِّ وَالْإِثْمِ، فَقَالَ: «الْبِرُّ حُسْنُ الْخُلُقِ، وَالْإِثْمُ مَا حَاكَ فِي صَدْرِكَ، وَكَرِهْتَ أَنْ يَطَّلِعَ عَلَيْهِ النَّاسُ».
[صحيح] - [رواه مسلم] - [صحيح مسلم: 2553]
المزيــد ...
Наввас бин Самаан (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:
Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жакшылык жана күнөө тууралуу сурадым. Ал мындай деди: "Жакшылык - мүнөздүн көркөмдүгү. Күнөө - жүрөгүңдү өйүгөн жана ал жөнүндө адамдардын билишин каалабаган нерсе."".
[Сахих (ишенимдүү)] - [Муслим жазып калтырган] - [Сахих Муслим - 2553]
Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бирр - жакшылык жана исм - күнөө жөнүндө сурашат. Ал минтип жооп берет:
Жакшылыктын эң негизги белгиси бул Аллахка такыба болуу менен жакшы мүнөздө болуу, башкалардын зыянына сабыр кылуу, көп ачууланбоо, жарык маанайда болуу, сылык сүйлөө, карым-катыш кылуу, жумшак болуу, жакшы сухбат мамиле кылуу.
Ал эми күнөө бул, жүрөккө шектүү болгон нерселер кирип, ага көңүл толбой, анын күнөө экенине шек жана коркунуч пайда болгондо, жана аны кадыр-барктуу, изги адамдарга көрсөтүүнү каалабай калганда – мына ошол иш күнөө болот. Анткени, адамдын табияты жакшы амалдарынын элге көрүнүшүн жактырат. Эгер айрым иштеринин башкаларга көрүнүшүн жаман көрсө, анда ал амалда жакшылык жок, ал күнөө.