عن تميم الداري رضي الله عنه أن النبي صلى الله عليه وسلم قال:
«الدِّينُ النَّصِيحَةُ» قُلْنَا: لِمَنْ؟ قَالَ: «لِلهِ وَلِكِتَابِهِ وَلِرَسُولِهِ وَلِأَئِمَّةِ الْمُسْلِمِينَ وَعَامَّتِهِمْ».

[صحيح] - [رواه مسلم] - [صحيح مسلم: 55]
المزيــد ...

Тамим ад-Даари (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
«Дин — бул насаат» - деп айтты. Ошондо биз: «Оо, Аллахтын Элчиси, ким үчүн?» - деп сурадык. Ал: «Аллах үчүн, Анын Китеби үчүн, Анын Элчиси үчүн, мусулмандардын башчылары үчүн жана жалпы мусулмандар үчүн» - деп айтты».

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муслим жазып калтырган] - [Сахих Муслим - 55]

Түшүндүрмө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Ислам динин кармануу - чын ыкластуулукка жана чынчылдыкка негизделгенин, Аллах буйругандай толук, кемчиликсиз жана алдамчылыксыз менен аткарылышын айтты.
Пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Насаат кимге берилет?» - деп сурашканда ал мындай деп айтты:
Биринчиси: Насаат Аллах Таала үчүн б.а. чын-ыкластан Аллах үчүн иш-аракеттерди аткаруу, Ага шерик кошпоо. Ага рубубиятта, улухиятта жана ысым-сыпаттарында ыйман келтирүү, Анын буйругун бийик тутуп аткаруу жана Ага ыйман келтирүүгө чакыруу.
Экинчиси: Насаат Анын Китеби үчүн, ал Ыйык Куран б.а. бул Аллахтын сөзү, китептеринин акыркысы экендигине жана ал Куран өзүнөн мурунку бардык шарият мыйзамдарын жокко чыгарганына ишенүүбүз, Аны урматтообуз жана аны туура окуубуз керек. Андагы мухкам аяттарга амал кылуубуз жана муташабих аяттарга моюн сунуубуз. Аны бурмалоочулардын чечмелөөсүнөн коргообуз. Анын насааттарын, анын илимин таралуусун жана ага чакырууну этибарга алуубуз керек.
Үчүнчүсү: Насаат Аллахтын элчиси Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үчүн б.а. ал элчилердин акыркысы экенине ишенүүбүз жана ал алып келген нерсени тастыктообуз, анын буйруктарына баш ийүүбүз жана тыюу салган нерселеринен сактануубуз, ал алып келген нерсе менен гана Аллахка ибадат кылуубуз, анын акысын улуктообуз, урматтообуз, анын даават, шарият мыйзамын жайылтуубуз жана Ага коюлган дооматтарды четке кагуубуз керек.
Төртүнчүсү: Насаат мусулмандардын башчылары үчүн б.а. бул мусулмандардын башчыларына акыйкатты жайылтууда жардам берүү, алар менен бир иштерде талашып-тартышпоо жана Аллахка ибадат кылууда аларды угуп жана аларга моюн сунуу керек.
Бешинчиси: Насаат жалпы мусулмандар үчүн б.а. бул жалпы мусулмандарга жакшылык кылуу жана аларга даават кылуу, аларга зыян жеткирүүдөн тыйылуу, аларга жакшылыктын жетүүсүн жакшы көрүү жана алар менен жакшылыкта жана такыбалыкта жардамдашуу.

Хадистин пайдалары

  1. Насаат кылууга буйруу бардык адамдар үчүн.
  2. Ислам дининдеги насаат макамынын улуулугу.
  3. Ислам дини ички ишенимдерди, тил амалдарын жана дене амалдарын камтыйт.
  4. Насаат – бул насаат кылынган адамды алдамчылыктан тазалап, ага жакшылык каалоо.
  5. Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) таалимди жакшы берүүсү. Анткени Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир нерсени жалпылап айтып, андан соң аны майда-чүйдөсүнө чейин айтып берген.
  6. Негизги нерселердин эң негизгисинен баштоо. Мына ошондуктан Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) насаат Аллах үчүн андан кийин Анын Китеби үчүн, андан кийин Анын Элчиси үчүн, андан кийин мусулмандардын башчылары үчүн, андан кийин жалпы мусулмандар үчүн деп эң негизгисинен баштады.
Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Тажикче Руандача Румынча Венгерче Чехче الموري Малагасиче Фуланиче Италянча Оромочо Каннадача الولوف البلغارية Азерче اليونانية الأكانية Өзбекче Украинче الجورجية اللينجالا المقدونية الخميرية البامبارية البنجابية الماراثية الكيروندي
Котормолорду көрсөтүү
Дагы...