عن عائشة رضي الله عنها عن النبي صلى الله عليه وسلم قال:
«إِنَّ أَبْغَضَ الرِّجَالِ إِلَى اللهِ الْأَلَدُّ الْخَصِمُ».

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح البخاري: 2457]
المزيــد ...

Айша (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
«Чындыгында, Аллахтын алдында адамдардын эң жаманы – өтө талашчаак адам».

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих ал-Бухари - 2457]

Түшүндүрмө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Тааланын бизге өтө талашчаак жана көп талашып-тартышкан адамдарды жана талашып аны коргоого аракет кылган адамды жек көрөрүн кабар берип жатат. Аллах Таала акыйкат менен талашып, бирок талаш-тартышты көбүртүп-жабыртып, чектен чыгып, билимсиз талашкан адамды жаман көрөт.

Хадистин пайдалары

  1. Юридикалык кайрылуу жолу менен зулум чеккен адамдын укугун талап кылуу айыптуу талаштардын катарына кирбейт.
  2. Мусулмандардын арасында бөлүнүүгө жана душмандашууга себеп болгон тилдин балээлеринин бири – талашуу жана араздашуу .
  3. Талашып-тартышуу акыйкат жөнүндө болсо жана анын ыкмасы жакшы болсо, анда мактоого татыктуу болот. Ал эми талашып-тартышуу акыйкатты жокко чыгаруу жана батылды орнотуу үчүн болсо же далилсиз болсо, анда жамандалган болот.
Котормолорду көрсөтүү
Тили: Алглисче Урдуча Испанча Дагы... (67)
Дагы...