1. Башкы бет
  2. Категориялар
  3. Акыйда (ишеним)

Хадис Эй, адам баласы! Эгер Мага дуба кылып, анын кабыл болуусун үмүт кылсаң, сенден болгон күнөөнүн баарын кечирип коюу Мага эч нерсе эмес

عَنْ أَنَسِ بْنِ مَالِكٍ رضي الله عنه قَالَ:
سَمِعْتُ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَقُولُ: «قَالَ اللَّهُ تَبَارَكَ وَتَعَالَى: يَا ابْنَ آدَمَ إِنَّكَ مَا دَعَوْتَنِي وَرَجَوْتَنِي غَفَرْتُ لَكَ عَلَى مَا كَانَ فِيكَ وَلاَ أُبَالِي، يَا ابْنَ آدَمَ لَوْ بَلَغَتْ ذُنُوبُكَ عَنَانَ السَّمَاءِ ثُمَّ اسْتَغْفَرْتَنِي غَفَرْتُ لَكَ، وَلاَ أُبَالِي، يَا ابْنَ آدَمَ إِنَّكَ لَوْ أَتَيْتَنِي بِقُرَابِ الأَرْضِ خَطَايَا ثُمَّ لَقِيتَنِي لاَ تُشْرِكُ بِي شَيْئًا لأَتَيْتُكَ بِقُرَابِهَا مَغْفِرَةً».

Анас (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум: "Улуу Аллах Таала минтип айткан: "Эй, адам баласы! Эгер Мага дуба кылып, анын кабыл болуусун үмүт кылсаң, сенден болгон күнөөнүн баарын кечирип коюу Мага эч нерсе эмес . Эй, адам баласы! Эгер күнөөлөрүң асманды тиреп калса да сен Менден кечирим тилесең, сени кечирип коюу Мага оор эмес . Эй, адам баласы! Сен мага жер бети толо күнөө менен келип, бирок Мага эч нерсени шерик кылбай жолуксаң, Мен сага жер бети толо кечирим менен бармакмын".

Хасан (жакшы) Ат-Тирмизи жазып калтырган Сунан ат-Тирмизи - 3540

Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Таала кудсий хадисте минтип айтканын баяндайт: Эй, адам баласы! Сен Мага дуба кылып, Менин ырайымымды үмүт кылсаң жана үмүтүңдү үзбөсөң, сенин айыбыңды жашырып, күнөөңдү кечирип коюу Мага жеңил. Атүгүл, күнөөлөрүңдүн арасында чоң күнөөлөр болсо да кечирем. Эй, адам баласы! Эгерде күнөөлөрүң асман менен жердин ортосун толтуруп, анын жетер чегине жетсе, анан сен Менден кечирим тилесең; анын көптүгүнө карабай баарын кечирип, өчүрүп саламын.
Эй, адам баласы! Сен өлгөндөн кийин Мага жер бети толо күнөө, ката менен келсең, бирок Мага эч нерсени шерик кылбай, жалгыздап жүрүп өлгөн болсоң; сенин күнөө-каталарыңды жер бети толо кечирим менен тосуп алам. Анткени, Менин кечиримим кенен, ширктен башка бардык күнөөнү кечиремин.

Хадистин пайдалары

  1. Аллах Тааланын кечирими, ырайымы жана берешендиги кенен.
  2. Бир Аллахка сыйынуу ишенимин кармануу артыкчылыктуу иш. Бир Аллахка сыйынуу ишеними менен өткөн адамдын күнөө, каталарын Аллах кечирет.
  3. Ширк өтө коркунучтуу күнөө, анткени Аллах Таала аны кечирбейт.
  4. Ибн Ражаб айтат: "Бул хадис күнөөлөрдүн кечирилүүсүнө себеп боло турган үч ишти баяндаган, биринчиси: үмүт кылуу менен бирге дуба кылуу, экинчиси: кечирим тилеп, тообо кылуу, үчүнчүсү: бир Аллахка сыйынуу ишеними менен жашап өтүү".
  5. Бул хадис пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Раббисинен риваят кылган хадистерден. Мындай хадистер кудсий же илахий хадис деп аталат. Анын айтылышы жана мааниси Аллахтан, бирок кудсий хадис Курандын башкалардан айырмаланып турган өзгөчөлүктөрүнө ээ эмес. Мисалы, Куранды окуу ибадат экендиги, аны даарат менен кармоо, андайды эч ким жаза албастыгы, муъжизалыгы ж.б.
  6. Күнөөлөрдүн үч түрү бар: биринчиси: Аллахка шерик кошуу, бул күнөөнү Аллах Таала кечирбейт. Аллах Таала минтип айткан: "Кимде-ким Аллахка шерик кошсо, Аллах аны бейишке киргизбейт". Экинчиси: пенденин Раббиси менен өзүнүн ортосундагы иштерде өзүнө зулум кылып жасаган күнөөлөрү, мындай күнөөлөрдү Аллах Таала кааласа кечирип жиберет. Үчүнчүсү: Аллах Таала таштап койбой турган күнөөлөр, бул пенделердин бири-бирине кылган зулум күнөөлөрү, мындай күнөөлөрдүн өчү алынат.

Котормолорду көрсөтүү

60 Тил
EN English الإنجليزية
UR اردو الأوردية
ES Español الإسبانية
ID Indonesia الإندونيسية
BN বাংলা البنغالية
FR Français الفرنسية
TR Türkçe التركية
RU Русский الروسية
BS Bosanski البوسنية
SI සිංහල السنهالية
HI हिन्दी الهندية
ZH 中文 الصينية
FA فارسی الفارسية
VI Tiếng Việt الفيتنامية
TL Tagalog تجالوج
KU Kurdî الكردية
HA Hausa الهوسا
PT Português البرتغالية
ML മലയാളം المليالم
TE తెలుగు التلغو
SW Kiswahili السواحيلية
TA தமிழ் التاميلية
MY မြန်မာ البورمية
TH ไทย التايلندية
DE Deutsch الألمانية
JA 日本語 اليابانية
PS پښتو بشتو
AS অসমীয়া الأسامية
SQ Shqip الألبانية
SV Svenska السويدية
AM አማርኛ الأمهرية
NL Nederlands الهولندية
GU ગુજરાતી الغوجاراتية
NE नेपाली النيبالية
LT Lietuvių الليتوانية
PRS دری الدرية
SR Српски الصربية
TG тоҷикӣ الطاجيكية
RW Kinyarwanda الكينياروندا
RO Română الرومانية
HU Magyar المجرية
CS Čeština التشيكية
MOS Moore الموري
MG Malagasy المالاجاشية
OM Oromoo الأورومو
KN ಕನ್ನಡ الكانادا
WO Wolof الولوف
AZ Azərbaycan الأذربيجانية
UZ O‘zbek الأوزبكية
UK Українська الأوكرانية
KA ქართული الجورجية
MK Македонски المقدونية
KM ភាសាខ្មែរ الخميرية
BM Bambara البامبارية
PA ਪੰਜਾਬੀ البنجابية
MR मराठी الماراثية
DA Dansk الدنماركية
RN Kirundi الكيروندي
KMR Kurmancî الكرمنجية
MS Bahasa Melayu الملايو