عن جرير بن عبد الله رضي الله عنه قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم:
«مَنْ لَا يَرْحَمِ النَّاسَ لَا يَرْحَمْهُ اللهُ عَزَّ وَجَلَّ».

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح مسلم: 2319]
المزيــد ...

Жарир бин Абдулла (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
«Ким адамдарга ырайым кылбаса, анда Аллах Таала ага ырайым кылбайт».

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих Муслим - 2319]

Түшүндүрмө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдарга ырайым кылбаган адамга Аллах Таала ырайым кылбай турганын баяндап жатат. Пенденин калайык калкка кылган ырайымы – Аллах Тааланын ырайымына ээ болуунун эң чоң себептеринин бири.

Хадистин пайдалары

  1. Ырайымдуулук бардык макулуктар үчүн талап кылынат. Бирок ал макулуктарга адамдардын көңүл буруусу өзгөчө айтылды.
  2. Аллах Таала Ырайымдуу. Ырайымдуу пенделерин ырайымына алат. Иш-аракеттердин түрүнө жараша сооп-сыйлык же жаза болот.
  3. Адамдарга ырайымдуулук кылуу - бул аларга жакшылык кылууну, алардан жамандыкты кайтарууну жана аларга жакшы мамиле кылууну камтыйт.
Котормолорду көрсөтүү
Тили: Алглисче Урдуча Испанча Дагы... (67)
Дагы...