Хадистердин тизмеси

Силерге чоң күнөөлөрдүн эң оору жөнүндө кабар берейинби?"- деп үч жолу айтты. Ошондо сахабалар: "Ооба, оо, Аллахтын Элчиси!" - дешти. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Аллахка шерик кошуу жана ата-энени нараазы кылуу". Ошондо Пайгамбар жөлөнүп жаткан жеринен отура калып: "Жалган күбөлүк берүү!" - деп кайра-кайра айтып, биз: "Токтотсо экен" дегенге чейин кайталай берди
عربي الإنجليزية الأوردية
Кыйратуучу жети күнөөдөн алыс болгула». Ошондо сахабалар: «Оо, Аллахтын элчиси! Алар кайсылар?» — деп сурашты. Аллахтын элчиси: «Аллахка ширк кылуу, сыйкырчылык, Аллах өлтүрүүнү арам кылган жанды эч бир акысыз өлтүрүү, сүткорлук кылуу, жетимдин мал-мүлкүн жегендик, согуш учурунда артка качуу жана күнөө кылуудан капилетте калган, абийирдүү жана ыймандуу аялдарга бузуку деп жалаа жабуу» - деп айтты
عربي الإنجليزية الأوردية
Күмөн саноодон сактангыла! Анткени, күмөн саноо сөздөрдүн жалганы
عربي الإنجليزية الأوردية
Ушакчылар бейишке кирбейт
عربي الإنجليزية الأوردية
Чындыгында, Аллахтын алдында адамдардын эң жаманы – өтө талашчаак адам
عربي الإنجليزية الأوردية
Чынында Аллах Таала заалымга убакыт берет, анан аны кармаганда такыр коё бербейт
عربي الإنجليزية الأوردية
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көкүл коюудан тыйган
عربي الإنجليزية الأوردية
Биз Умардын жанында болчубуз, ал: "Биз өзүнө оорлотуудан тыйылганбыз" - деди
عربي الإنجليزية الأوردية
Бул экөө азапталып жатат. (Өздөрүнүн оюндагы) чоң эмес күнөө себептүү азапталып жатат. Экөөнүн бири заарасынан тазаланбайт эле. Ал эми экинчиси ушак-айың таратып басып жүрчү
عربي الإنجليزية الأوردية
Мусулманды сөгүү - пасыктык, өлтүрүү - каапырдык
عربي الإنجليزية الأوردية
Зулумдуктан сактангыла! Себеби зулумдук - кыяматтагы караңгылык. Ач көздүктөн сактангыла! Анткени, силерден мурдагылар ач көздүктүн айынан кыйроого учураган
عربي الإنجليزية الأوردية
“Куру-жалак калган адам ким экенин билесиңерби?
عربي الإنجليزية الأوردية
Кимде-ким бир хадистин жалган экенин билип туруп аны мени айткан деп таратса, ал жалганчылардын бири болот
عربي الإنجليزية الأوردية
Эркек киши эркек кишинин авретине карабайт. Аял киши да аял кишинин авретине карабайт
عربي الإنجليزية الأوردية
Ким менин атымдан атайын жалган сүйлөсө - өзүнө тозоктон орун камдай берсин
عربي الإنجليزية الأوردية
Адам Исламды эң жакшы кармануусу - өзүнө тиешеси жок нерсеге кийлигишпегени
عربي الإنجليزية الأوردية