+ -

عن أبي بكرة رضي الله عنه قال: قال النبي صلى الله عليه وسلم:
«‌أَلَا ‌أُنَبِّئُكُمْ بِأَكْبَرِ الْكَبَائِرِ؟» ثَلَاثًا، قَالُوا: بَلَى يَا رَسُولَ اللهِ، قَالَ: «الْإِشْرَاكُ بِاللهِ، وَعُقُوقُ الْوَالِدَيْنِ» وَجَلَسَ وَكَانَ مُتَّكِئًا، فَقَالَ: «أَلَا وَقَوْلُ الزُّورِ»، قَالَ: فَمَا زَالَ يُكَرِّرُهَا حَتَّى قُلْنَا: لَيْتَهُ سَكَتَ.

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح البخاري: 2654]
المزيــد ...

Абу Бакра, ​​радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
"Силерге чоң күнөөлөрдүн эң оору жөнүндө кабар берейинби?"- деп үч жолу айтты. Ошондо сахабалар: "Ооба, оо, Аллахтын Элчиси!" - дешти. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: "Аллахка шерик кошуу жана ата-энени нараазы кылуу". Ошондо Пайгамбар жөлөнүп жаткан жеринен отура калып: "Жалган күбөлүк берүү!" - деп кайра-кайра айтып, биз: "Токтотсо экен" дегенге чейин кайталай берди".

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих ал-Бухари - 2654]

Түшүндүрмө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, сахабаларына күнөөлөрдүн эң чоңу жөнүндө кабар берип жатып, бул үчөөнү айтты:
1. Аллахка шерик кошуу деген - ал ибадаттын кандай түрүн болсо да Аллахтан башкага кылуу жана Аллахтан башканы улухияда, рубубияда, Аллахтын ысым-сыпаттарында Аллах менен теңөө болуп саналат.
2. Ата-энени нараазы кылуу - бул ата-энеге сөз менен болсо да, кыймыл аракет менен болсо да зыян жеткирүү жана аларга жакшылык кылууну таштоо.
3. Жалган күбөлүк берүү жана жалгандан күбөлүккө өтүү. Бул акчасын алып, ар-намысына шек келтирип, же башка ушул сыяктуу нерселер менен айыпка жыгып каралоо максатында жалган айтылган сөздөр.
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бир нече жолу жалгандан күбөлүк берүүдөн кайра-кайра эскертип, анын жамандыгынан жана анын коомго тийгизген терс таасиринен эскертип жатканда Сахабалар Пайгамбарга боорлору ооруп, аны кыйнаган нерсени жек көрүшүп: «Пайгамбар токтосо экен» деп айтышты.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Руандача Румынча Венгерче Чехче الموري Малагасиче Италянча Оромочо Каннадача الولوف البلغارية Азерче Украинче الجورجية
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Эң чоң күнөө – бул Аллахка ширк кылуу. Анткени Аллах Таала аны чоң күнөөлөрдүн башаты жана күнөөлөрдүн эң чоңу экенин баяндап, бул сөзүндө бекемдеди: "Албетте, Аллах Өзүнө шерик кошулуусун кечирбейт. Мындан башка күнөөнү Өзү каалаган пендесинен кечирет".
  2. Ата-эненин акысынын улуулугу. Анткени Пайгамбар алардын акыларын Аллах Тааланын акысы менен бирге айтты.
  3. Күнөөлөр чоң жана кичине күнөөлөр болуп экиге бөлүнөт. Чоң күнөө - бул худуд жана лиаан (1) айтышуу сыяктуу бул дүйнөдө жазасы бар ар бир күнөө же тозок азабы сыяктуу акыретте жазасы бар күнөө. Албетте чоң күнөөлөрдүн даражалары бар. Чоң күнөөлөрдүн кээ бирлери кээ бирлеринен арамдык жагынан оор. Ал эми чоң күнөөлөрдөн башкалары алар кичине күнөөлөр.
Дагы...