عن عبد الله بن عمرو بن العاص رضي الله عنهما عن النبي صلى الله عليه وسلم قال:
«الْكَبَائِرُ: الْإِشْرَاكُ بِاللهِ، وَعُقُوقُ الْوَالِدَيْنِ، وَقَتْلُ النَّفْسِ، وَالْيَمِينُ الْغَمُوسُ».

[صحيح] - [رواه البخاري] - [صحيح البخاري: 6675]
المزيــد ...

Абдуллах бин Амр бин Аль-Аас (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
"Чоң күнөөлөр: Аллахка шерик кошуу, ата-энеге ак болуу, адам өлтүрүү жана жалган ант берүү".

[Сахих (ишенимдүү)] - [Бухари жазып калтырган] - [Сахих ал-Бухари - 6675]

Түшүндүрмө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул хадисте чоң күнөөлөрдү баяндап жатат. Ал чоң күнөөлөрдү аткарган адам бул дүйнөдө да, акыретте да катуу азап менен азапталат.
Чоң күнөөлөрдүн биринчиси: "Аллахка шерик кошуу". Бул ибадаттын кандай түрүн болсо да Аллахтан башкага арноо жана Аллахтан башканы Аллахтын сыпаттары болгон улухияда, рубубияда, Аллахтын ысым-сыпаттарында Аллах менен теңөө.
Экинчиси: Ата-энени нараазы кылуу. Ата-энеге сөз менен болсо да, кыймыл аракет менен болсо да зыян жеткирүү жана аларга жакшылык кылууну таштоо.
Үчүнчүсү: Душмандык кылып жана зулумдук менен адам өлтүрүү сыяктуу адилетсиздик менен адам өлтүрүү.
Төртүнчүсү: Жалгандан касам ичүү. Бул калп айтып жатканын билип туруп жалгандан касам ичүүсү. Ушул "жалгандан касам ичүү" деп аталат. Анткени ал жалгандан касам ичип жаткан адамды күнөөгө же тозокко батырып салат.

Хадистин пайдалары

  1. Жалгандан касам ичүү өтө коркунучтуу жана кылмыш болгону үчүн анын каффараты жок, бирок андан тообо кылуу бар.
  2. Хадисте бул төрт чоң күнөө өзгөчө оор болгондуктан гана эскерилди, чоң күнөөлөр ошолор менен гана чектелгендиктен эмес.
  3. Күнөөлөр чоң жана кичине күнөөлөр болуп экиге бөлүнөт. Чоң күнөө - бул худуд жана каргыш айтышуу (1) сыяктуу бул дүйнөдө жазасы бар ар бир күнөө же тозок азабы сыяктуу акыретте жазасы бар күнөө. Албетте чоң күнөөлөрдүн даражалары бар. Чоң күнөөлөрдүн кээ бирлери кээ бирлеринен арамдык жагынан оор. Ал эми чоң күнөөлөрдөн башкалары алар кичине күнөөлөр.
Котормолорду көрсөтүү
Тили: Алглисче Урдуча Испанча Дагы... (62)
Дагы...