عَنْ جَابِرِ بْنِ عَبْدِ اللهِ رضي الله عنهما أَنَّهُ سَمِعَ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَقُولُ:
«إِذَا دَخَلَ الرَّجُلُ بَيْتَهُ، فَذَكَرَ اللهَ عِنْدَ دُخُولِهِ وَعِنْدَ طَعَامِهِ، قَالَ الشَّيْطَانُ: لَا مَبِيتَ لَكُمْ، وَلَا عَشَاءَ، وَإِذَا دَخَلَ، فَلَمْ يَذْكُرِ اللهَ عِنْدَ دُخُولِهِ، قَالَ الشَّيْطَانُ: أَدْرَكْتُمُ الْمَبِيتَ، وَإِذَا لَمْ يَذْكُرِ اللهَ عِنْدَ طَعَامِهِ، قَالَ: أَدْرَكْتُمُ الْمَبِيتَ وَالْعَشَاءَ».
[صحيح] - [رواه مسلم]
المزيــد ...
Жабир бин Абдуллах (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум:
"Киши үйүнө киргенде, кирээрде жана тамак ичээрде Аллахтын атын атап эстесе, Шайтан (жан-жөкөрлөрүнө): Силерге мында түнөк да жок, тамак да жок - дейт . А эгер кирип, бирок кирээрде Аллахты эстебесе, шайтан: Түнөктү таптыңар - дейт. А эгер тамактанаарда да Аллахты эстебесе , шайтан: Тамакты да, түнөктү да таптыңар - дейт.
Сахих (ишенимдүү) - Муслим жазып калтырган.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үйгө кирээрде жана тамак ичээрде Аллахты зикир кылууга буйруган. Эгер адам үйгө кирээрде, же тамактанаарда "Бисмиллаах" деп Аллахты эстесе, шайтан жан-жөкөрлөрүнө: Үйдүн ээси Аллахты зикир кылып силерден коргонгон бул үйдө, силерге түнөктүн да, тамактын да үлүшү жок - деп айтат. Ал эми киши үйүнө киргенде кирип баратып Аллахты зикир кылбаса жана тамактанаарда да зикир кылбаса, анда шайтан жан-жөкөрлөрүнө, алар бул үйдөн түнөк да, тамак да табууга жетишкенин кабарлайт.