+ -

عَنْ أَبِي سَعِيدٍ الخُدْرِيِّ رضي الله عنه أَنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ:
«إِنَّ مِنْ أَعْظَمِ الجِهَادِ كَلِمَةَ عَدْلٍ عِنْدَ سُلْطَانٍ جَائِرٍ».

[حسن لغيره] - [رواه أبو داود والترمذي وابن ماجه وأحمد] - [سنن الترمذي: 2174]
المزيــد ...

Абу Саид Худри (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Чынында, жихаддын эң улугу - заалым падышанын алдында адилеттүү сөздү айтуу".

- [Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган] - [Сунан ат-Тирмизи - 2174]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах жолундагы жихаддын эң чоң жана эң пайдалуу түрү - заалым падышага адилеттүү, ак сөздү тайманбай айтуу деп айткан. Анткени, аны менен жакшылыкка чакыруу жана жамандыктан кайтаруу милдетин аткарат. Жаман иштен жакшы ишке кайтара турган сөзүн айтабы, кат жазып жибереби же иш-аракети менен көрсөтөбү айырмасы жок.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Дариче Румынча Оромочо
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Жакшылыкка чакырып, жамандыктан тыюу - жихаддын бир түрү.
  2. Башчыга насаат айтуу - жихаддын эң чоңу. Бирок аны илимдүүлүк, даанышмандык жана туруктуулук менен айтуу важиб.
  3. Хаттаби минтип айткан: "Башчыга адилеттүү сөз айтуу жихаддын чоңу болуусунун себеби мындай; душманга жихад кылып чыккан адам үмүт жана коркунучтун ортосунда турат. Ал жеңерин да, жеңилерин да билбейт. Ал эми башчыга ак сөзүн айткан адам башчынын колунда турат. Башчыга акыйкатты айтып, жакшылыкка чакыруу менен өзүнө-өзү зыян кылып, өзүн жок кылып алуусу мүмкүн. Үмүткө караганда коркунуч басымдуу болгону үчүн жихаддын эң чоңу болуп эсептелет. Жихаддын эң чоңу болуусуна дагы бир себеп; эгерде башчы анын айткан сөзүн кабыл кылса, анын пайдасы өтө көп адамга тийип, оңолууга жол ачат.