+ -

عَنِ النُّعْمَانِ بْنِ بَشِيرٍ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُمَا عَنِ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ:
«مَثَلُ القَائِمِ عَلَى حُدُودِ اللَّهِ وَالوَاقِعِ فِيهَا، كَمَثَلِ قَوْمٍ اسْتَهَمُوا عَلَى سَفِينَةٍ، فَأَصَابَ بَعْضُهُمْ أَعْلاَهَا وَبَعْضُهُمْ أَسْفَلَهَا، فَكَانَ الَّذِينَ فِي أَسْفَلِهَا إِذَا اسْتَقَوْا مِنَ المَاءِ مَرُّوا عَلَى مَنْ فَوْقَهُمْ، فَقَالُوا: لَوْ أَنَّا خَرَقْنَا فِي نَصِيبِنَا خَرْقًا وَلَمْ نُؤْذِ مَنْ فَوْقَنَا، فَإِنْ يَتْرُكُوهُمْ وَمَا أَرَادُوا هَلَكُوا جَمِيعًا، وَإِنْ أَخَذُوا عَلَى أَيْدِيهِمْ نَجَوْا، وَنَجَوْا جَمِيعًا».

[صحيح] - [رواه البخاري]
المزيــد ...

Нуъман бин Баширдин (аларга Аллах ыраазы болсун) риваятында, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Аллхтын чегинде турган жана ага кирип кеткен адамдын мисалы, бир адамдарга окшойт, алар кемеге чыгарда чүчү кулак кылып, кээ бири үстүнкү кабатына, кээ бири астына жайгашат . Астына жайгашкандар суу алмакчы болгондо үстүндөгүлөрдү аралап өтөт. Анан алар өзүнчө: Эгер биз өзүбүздүн энчибизге кеменин түбүн тешип алсак, үстүндөгүлөргө зыяныбызды тийгизбейбиз - деп айтышат. Эгерде аларды каалаганын кыла берсин деп тек коюшса, баары чөгүп кетет. А эгер аларды колдон камап токтотуп калышса, алар өздөрү да (өлүмдөн) кутулат жана баары кутулушат.

Сахих (ишенимдүү) - Бухари жазып калтырган.

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахтын чегинде туруучуларга, Аллахтын буйругун такай аткаруучуларга, жакшылыкка чакырып, жамандыктан тыйуучуларга мисал келтирди. Жакшылыкка чакырууну таштап, жамандыкка берилип Аллахтын чегине кирип кеткендер жана алардын коомчулуктун ийгилигине тийгизген таасиринин мисалы, кемеге түшкөн бир топ адамдын мисалына окшош. Алар кеменин үстүнкү кабатына ким жайгашат, астына ким жайгашат деп чүчү кулак кармашат. Анан кээ бири үстүн, кээ бири астын ээлейт. Астына жайгашкандар суу алмакчы болгондо, үстүнө чыгып андагыларды аралап өтөт. Астынкы кабаттагылар өз ара сүйлөшүп: Эгер биз ушул астынан өзүбүзгө суу ала турган тешик тешип алсак, үстүндөгүлөрдү убайма кылбайбыз - дешет. Эгерде үстүндөгүлөр аларды ушундай кыла бергиле деп таштап койсо, алардын баары кеме менен чөгүп кетет. А эгер аларды мындай кылуудан кайтарып, тыйышса, эки топ тең аман калат.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Телгиче Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Гужаритиче Непалча Йорубача Дариче Сомаличе Руандача
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Коомчулукту сактоодо, анын жамандыктан оолак болуусуна жакшылыкка чакыруу жана жамандыктан кайтаруунун ролу чоң.
  2. Таалим берүүнүн (таасирдүү) жолдорунун бири мисал келтирип салыштыруу. Мындайда даана сүрөттөө болгондуктан, маани акылга бат жетет.
  3. Эч кандай тыюусуз ачык аткарылып жаткан жаман иш - коомго зыянын тийгизе турган бузукулук болуп эсептелет.
  4. Коомчулуктун кыйроосу - жер бетинде бузукулукту тараткан жаман иш кылуучуларды тыйбай коюунун натыйжасы.
  5. Ниет туура болуп туруп, туура эмес аракет кылуу амалдын туура экендигин билдирбейт.
  6. Мусулман коомундагы жоопкерчилик жалпы баарына тиешелүү, жеке бир адамга байланган эмес.
  7. Жеке аткарылган күнөөнү эч ким тыйбаса, анын азабы жалпыга бирдей болот.
  8. Жаман иштерди кылуучулар кылган иштерин коомчулукка жакшы иш катары көрсөтүшөт, эки жүздүүлөр сыяктуу.
Дагы...