+ -

عَنْ عُمَرَ بْنِ الْخَطَّابِ رضي الله عنه قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ:
«إِنَّ اللهَ عَزَّ وَجَلَّ يَنْهَاكُمْ أَنْ تَحْلِفُوا بِآبَائِكُمْ»، قَالَ عُمَرُ: فَوَاللهِ مَا حَلَفْتُ بِهَا مُنْذُ سَمِعْتُ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ نَهَى عَنْهَا ذَاكِرًا وَلَا آثِرًا.

[صحيح] - [متفق عليه]
المزيــد ...

Умар бин Хаттаб (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Улук Аллах Таала силерди атаңардын аты менен касам ичүүдөн тыйды". Умар айтат: Аллахка касам ичип айтам, Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындан тыйганын уккандан бери, атайлап да, бирөөнүн айтканын кайталап да, атамдын аты менен касам ичпедим.

Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Таала ата-бабанын аты менен касам ичүүдөн тыйганын кабарлаган. Касам ичүүнү каалаган адам Аллахтын аты менен гана касам ичсин, Андан башка менен касам ичүүгө болбойт. Анан Умар бин Хаттаб (ага Аллах ыраазы болсун) ошол Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул тууралуу уккандан бери бир да жолу антип касам ичпегенин эскерет. Атайын да, Аллахтын атынан башкага касам ичкен бирөөнүн сөзүн кайталап да минтип касам ичкен эмес экен.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Гужаритиче Непалча Йорубача Дариче Сомаличе Руандача
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Аллахтын атынан башка бардык нерсе менен касам ичүү арам. Ал эми ата-бабанын аты менен деп айтканы, исламга чейинки доордо ушундай касам кеңири тараган болчу.
  2. Касам: бул Аллах менен же Анын ысымдары, же сыпаттары менен кайсы бир ишти бышыктап билдирүү үчүн айтылган сөз.
  3. Умар бин Хаттабдын (ага Аллах ыраазы болсун) буйрукту дароо аткарган артыкчылыгы, түшүнүктүүлүгү жана такыбалыгын (байкайбыз).