+ -

عَنْ سَمُرَةَ بْنِ جُنْدَبٍ وَالْمُغِيرَةِ بْنِ شُعْبَةَ رضي الله عنهما قَالَا: قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ:
«مَنْ حَدَّثَ عَنِّي بِحَدِيثٍ يُرَى أَنَّهُ كَذِبٌ، فَهُوَ أَحَدُ الْكَاذِبِينَ».

[صحيح] - [رواه مسلم في مقدمته]
المزيــد ...

Самура бин Жундаб жана Мугира бин Шууба (аларга Аллах ыраазы болсун) экөө айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Кимде-ким бир хадистин жалган экенин билип туруп аны мени айткан деп таратса, ал жалганчылардын бири болот".

[Сахих (ишенимдүү)] - - [Сахих Муслим]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабарлайт: Ким кайсы бир хадистин жалган экенин анык билип туруп, же жалган болуш керек деп күмөнсүрөп туруп, аны пайгамбардын атынан айтып таратса, ал ушул жалгандын таралуусуна шериктеш болуп калат.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Румынча
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Пайгамбардан риваят болгон хадистерге дыкат менен кароо жана аны айтып өткөрүүдөн мурда анын тастыкталганын так билүү зарыл.
  2. Жалганчы деген сыпат жалганды айткан, башкаларга айтып өткөргөн жана жайылткандардын баарына бирдей айтылат.
  3. Айтылган "хадис" жалган сөз экенин анык билген же жалган деп күмөн кылган адамга аны башкаларга айтып өткөрүү арам. Бул сөздүн жалган экенин башкаларга эскертүү үчүн гана айтса уруксат.
Дагы...