+ -

عن طارق بن أشيم الأشجعي رضي الله عنه قال: سمعت رسول الله صلى الله عليه وسلم يقول:
«مَنْ قَالَ: لَا إِلَهَ إِلَّا اللهُ، وَكَفَرَ بِمَا يُعْبَدُ مِنْ دُونِ اللهِ حَرُمَ مَالُهُ وَدَمُهُ، وَحِسَابُهُ عَلَى اللهِ».

[صحيح] - [رواه مسلم]
المزيــد ...

Таарик бин Ашйам ал-Ашжаъи (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум:
"Ким: Лаа илааха иллаллоох" деп айтып, Аллахтан башка ибадат кылынган нерселерден баш тартса, анын мал-мүлкү жана каны арам болот. Ал эми сурагы Аллахка таандык".

Сахих (ишенимдүү) - Муслим жазып калтырган.

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Алллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким "лаа илааха иллаллоох" деп тактап айтканда, Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок деп тили менен айтса, күбөлүк берсе, анан Аллахтан башка сыйынып жүргөн нерселеринен баш тартса, Исламдан башка бардык диндерден баш тартса, анын каны жана малы мусулмандарга арам болорун кабарлаган. Биз анын сырткы амалына гана карайбыз, анын малы тартып алынбайт,каны төгүлбөйт. Бирок кокус кылмыш кылып, же жазага кириптер болуп калса гана Ислам өкүмдөрү менен кылмышына жараша өкүм чыгарылат.
Ал эми анын эсеп-кысабын кыямат күнү Аллах жүргүзөт, эгер айтканында чынчыл болсо сообун алат, эгер эки жүздүүлүк кылып жалган айткан болсо жазасын алат.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сомаличе Руандача
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. "Лаа илааха иллаллоох" деп тил менен айтуу жана Аллахтан башка сыйынып жүргөн нерселерин таштоо Исламга кирүүнун шарты.
  2. (Лаа илааха иллаллооху)нун мааниси, Аллахтан башка кабыр, таш-буркан ж.б. сыйынылып жүргөн нерселерден баш тартуу, ибадат кылууда Аллахты жалгыздоо.
  3. Ким тавхидди айтып, анын шарттарын сырткы көрүнүшүндө карманса, мунун каршысы андан ачык дайын болмоюнча ага тийишпөө важиб.
  4. Мусулмандын малы, каны жана абийири арам, бирок жазыгы болсо арам эмес.
  5. Бул дүйнөдө адамдын сырткы амалдарына карай өкүм чыгарылат, акыретте болсо ниетине жана максатына каралат.