+ -

عَنْ عُقْبَةَ بْنِ عَامِرٍ الْجُهَنِيِّ رضي الله عنه:
أَنَّ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ أَقْبَلَ إِلَيْهِ رَهْطٌ، فَبَايَعَ تِسْعَةً وَأَمْسَكَ عَنْ وَاحِدٍ، فَقَالُوا: يَا رَسُولَ اللهِ، بَايَعْتَ تِسْعَةً وَتَرَكْتَ هَذَا؟ قَالَ: «إِنَّ عَلَيْهِ تَمِيمَةً»، فَأَدْخَلَ يَدَهُ فَقَطَعَهَا، فَبَايَعَهُ، وَقَالَ: «مَنْ عَلَّقَ تَمِيمَةً فَقَدْ أَشْرَكَ».

[حسن] - [رواه أحمد]
المزيــد ...

Укба бин Аамир аль-Жуханий (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:
Аллахтын эчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) он чакты адам келип, ал алардын тогузу менен убада-келишим кылып, онунчусуна келишим кылбай койду. О, Аллахтын элчиси, тогузу менен келишим кылып, бирөөн калтырып койдуң го? - дешти эле, ал: "Анын тагынган тумары бар экен" - деди. Тиги киши коюнуна колун салып, тумарын жулуп таштады эле, аны менен убада-келишим кылып, анан: "Тумар тагынган адам, чынында ширк кылган болот" - деди.

Сахих (ишенимдүү) - Ахмад жазып калтырган.

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир жамаат адам келет, алардын саны он болчу. Алардын тогузу менен исламга кирүүгө жана аны ээрчүүгө келишим-убадасын алат. Бирөөсү менен андай келишим кылбай койот. Мунун себебин сураганда, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай дейт: Анын тумары бар экен. Тумар дегени, мончок, же дагы башка бир нерселерди жипке байлап, көз тийүүдөн жана башка зыяндан сактайт деп тагынып алуу. Ошенткенде тиги киши колун салып тумарын кесип алып таштайт. Ошондон кийин гана пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аны менен келишим кылат. Анан тумар тагынуудан тыйып, эскертип, аны тагынуунун өкүмүн баяндайт: "Тумар тагынган киши чынында ширк кылган болот".

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Свахиличе Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Гужаритиче Йорубача Дариче Сомаличе
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Ким Аллахтан башкага таянса, Аллах анын максатына карама-каршы мамиле кылат.
  2. Тумар тагынуу жамандыктан, көз тийүүдөн сактоого себеп болот деп ишенүү кичине ширк. Ал эми тумар өзү жамандыктан сактайт деп ишенүү чоң ширк.