+ -

قال سعد بن هشام بن عامر -عندما دخل على عائشة رضي الله عنها-:
يَا أُمَّ الْمُؤْمِنِينَ، أَنْبِئِينِي عَنْ خُلُقِ رَسُولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، قَالَتْ: أَلَسْتَ تَقْرَأُ الْقُرْآنَ؟ قُلْتُ: بَلَى، قَالَتْ: فَإِنَّ خُلُقَ نَبِيِّ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ كَانَ الْقُرْآنَ.

[صحيح] - [رواه مسلم في جملة حديثٍ طويلٍ]
المزيــد ...

Саъд бин Хишам бин Аамир Аиша энебизге (ага Аллах ыраазы болсун) кирип, мындай деди:
"О, ыймандуулардын энеси, мага Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кулк-мүнөзү тууралуу айтып бериңизчи". Ошондо ал: "Сен Куран окубайсыңбы?" - деп сурады. Ал: "Окуймун" - деди. "Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мүнөзү Куран эле" - деди Аиша энебиз.

Сахих (ишенимдүү) - Муслим жазып калтырган.

Түшүндүрмө

Ыймандуулардын энеси Аишадан (ага Аллах ырааз болсун) пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мүнөзү тууралуу суралат. Ал мааниси терең бир сөз менен жооп берет. Суроочунун көңүлүн бардык толук сыпаттарды камтыган Куранга буруп: "Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Курандын ахлагын алган эле" - дейт. Куран эмнеге буйруса аны аткарган, Куран эмнеден тыйса, андан сактанган, мүнөзү ага амал кылуу менен болгон, чектеринен чыккан эмес, адебинен адеп алган, мисалдарынан жана окуяларынан сабак алган.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сомаличе Руандача
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Куран ахлактарынан алганынан үлгү алуу зарыл.
  2. Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мүнөзү мактоого татыктуу, анын ахлагы аян-кабардын маңызынан болчу.
  3. Куран бардык жакшы ахлактардын башаты.
  4. Ислам ахлагы буйруктарды аткарып, тыюулардан тыйылуу менен бардык динди ичине камтыйт.