عن عبد الله بن عمرو رضي الله عنهما أن النبي صلى الله عليه وسلم قال:
«الرَّاحِمُونَ يَرْحَمُهمُ الرَّحمنُ، ارحَمُوا أهلَ الأرضِ يَرْحْمْكُم مَن في السّماء».
[صحيح] - [رواه أبو داود والترمذي وأحمد] - [سنن أبي داود: 4941]
المزيــد ...
Абдулла бин Амр (Аллах алардан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
"Мээримдүүлөргө Мээримдүү Зат ырайым кылат. Жер жүзүндөгүлөргө ырайым кылгыла, силерге асмандагы Зат ырайым кылат".
[Сахих (ишенимдүү)] - [Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган] - [Сунан Абу Дауд - 4941]
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) башкаларга ырайым кылгандарды Мээримдүү Аллах ырайым кылаарын түшүндүрүп жатат. Бардык нерсени камтыган Анын ырайымдуулугу жетиштүү сыйлык.
Андан кийин Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жер жүзүндөгү бардык адамдарга, айбанаттарга, канаттууларга жана башка бардык жаратылгандарга ырайым кылууну буйруду. Мунун сообу – асмандардын үстүнөн Аллахтын силерге ырайым кылуусу.