+ -

عن عبد الله بن عمرو بن العاص رضي الله عنهما:
عن النبي صلى الله عليه وسلم أنه كان إذا دخل المسجد قال: «أعوذ بالله العظيم، وبوجهه الكريم، وسلطانه القديم، من الشيطان الرَّجِيم»، قال: أَقَطُّ؟ قلت: نعم، قال: فإذا قال ذلك قال الشيطان: حُفِظَ منِّي سائر اليوم.

[حسن] - [رواه أبو داود] - [سنن أبي داود: 466]
المزيــد ...

Абдуллах бин Амир бин Ааас (ал экөөнө Аллах ыраазы болсун) айткан:
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мечитке киргенде: "Ауузу биллахил азиим, ва би важхихил карим, ва султанихил кодим, минаш-шайтоонир-рожим" деп айтты. Абдуллах бин Амрдан: Ушинтип эле айтчубу? - деп сурашты. Ал: "Ооба" - деди. Эгер ушинтип айтса, шайтан: "Бул күн бою менден корголду" - деп айтат.

[Хасан (жакшы)] - [Абу Дауд жазып калтырган] - [Сунан Абу Дауд - 466]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мечитке кирерде минтип айтчу: (Ауузу биллахил азиим) Улуу Аллахтын жана Анын сыпаттарын айтып коргономун (ва би важхихил карим) Берешен, Жоомарт (ва султонихи) үстөмдүгү, кудурети жана каалаган пендесине төккөн каары (кодим) эзелки, түбөлүк (минаш-шайтонир-рожим) Аллахтын ырайымынан алыстатылган, куулган шайтандан Башкача айтканда: О, Аллахым, мени шайтандын азгырыгынан, ээрчиткен жолдорунан, коркутууларынан, алдаган өтүнүчтөрүнөн жана адаштыруусунан Өзүң сакта. Анткени ал адашууга себепчи, азгырык менен наадандыкка шыкакчы болот. Абдуллах бин Амрдан: пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ушуну эле айттыбы? - деп сурашат жанындагылар. Ал: "Ооба" - деп жооп берет.
Эгерде мечитке кире турган адам ушул дубаны айтса, шайтан: "Бул адам менден бардык убакта, күнү-түнү корголуп калды" - деп айтат.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Мечитке кирер учурда айтылчу бул зикр артыкчылыктуу дуба. Анткени, муну айткан адам күнү-түнү шайтандан корголот.
  2. Шайтандан дайыма этият болуп, коргонуу керек. Анткени, ал мусулман адамды азгырып, адаштыруу үчүн дайыма аңдып турат.
  3. Адам, жүрөгү Аллахка канчалык ишенгенине жана бул дубага канчалык берилгенине, дубаны айткан адамга берген Аллахтын убадасына канчалык даражада ишенгенине жараша шайтандын адаштыруусунан жана алдамчылыгынан корголот.
Дагы...