+ -

عَنْ أَنَسِ بْنِ مَالِكٍ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ عَنِ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ:
«يَقُولُ اللَّهُ تَعَالَى لِأَهْوَنِ أَهْلِ النَّارِ عَذَابًا يَوْمَ القِيَامَةِ: لَوْ أَنَّ لَكَ مَا فِي الأَرْضِ مِنْ شَيْءٍ أَكُنْتَ تَفْتَدِي بِهِ؟ فَيَقُولُ: نَعَمْ، فَيَقُولُ: أَرَدْتُ مِنْكَ أَهْوَنَ مِنْ هَذَا، وَأَنْتَ فِي صُلْبِ آدَمَ: أَلّاَ تُشْرِكَ بِي شَيْئًا، فَأَبَيْتَ إِلَّا أَنْ تُشْرِكَ بِي».

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح البخاري: 6557]
المزيــد ...

Анас бин Малик (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Кыямат күнү тозокто эң жеңил азап тартып жаткан адамга кайрылып Аллах Таала: "Эгер сенде жер бети толо мүлкүң болсо, аны берип өзүңдү азаптан куткарат белең?" - деп сурайт. Ал: "Ооба" - дейт. Ошондо Аллах Таала мындай дейт: "Мен сенден мында жеңил нерсени эле каалаганмын. Сен Адамдын белинде жаткан кезиңде Мага эч нерсени шерик кылбашыңды айткам, бирок сен баш тартып, Мага башка нерселерди шерик кылдың".

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих ал-Бухари - 6557]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабарлайт: Тозокко түшүп эң жеңил азап менен азапталып жаткан тозок тургунуна кайрылып, Аллах Таала: Сенде бутүндөй дүйнө жана андагы бардык нерселер болсо, ошонун баарын ушул азаптан кутулуу үчүн берет белең? деп сурайт. Тиги адам ооба деп жооп берет. Аллах Таала минтип айтат: Сен Адамдын белинде турганыңда силерден ант келишим алганда Мен сенден буга караганда өтө жеңил нерсени талап кылгам, сенден болгону Мага эч нерсени шерик кылбай ибадат кылууну талап кылып, ушуга буйругам. Кийин сен жашоого келгениңде мындан баш тартып, Мага башка нерсени шерик кылдың.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Тавхиддин артыкчылыгы жана андагы амалдардын жеңилдиги айтылган.
  2. Аллахка шерик кошуунун жана ширктин акыбетинин коркунучу айтылган.
  3. Аллах Таала адамдын урпактары Адам атанын белинде жаткан кезде аларды Өзүнө шерик кошпоого буйруп, шарт убадаларын алган.
  4. Ширктен сактанууну эскерткен, анткени бүтүндөй дүнүйөсү бар болсо да кыямат күнү каапыр адамды азаптан сактап кала албайт.
Дагы...