Кичи категориялар

Хадистердин тизмеси

Силерге Аллахка такыба болууну осуят кылам. Эгер силерге кул киши башчылык кылса да аны уккула жана укканыңарды аткаргыла. Мен өтүп кеткенден кийин көбүрөөк жашаганыңар өтө көп карама-каршылыктарды көрөсүңөр. Менин жана туура жолго баштаган халифаларымдын сүннөт-жолун кармангыла
عربي الإنجليزية الأوردية
Менден бир аят болсо да жеткиргиле. Бану-Исраилдин окуяларын айта бергиле, анда эч кандай күнөө жок. Ким менин атымдан атайылап жалган айтса, анда тозоктон жайын даярдай берсин
عربي الإنجليزية الأوردية
Бир кишиге менин бир хадисим жетсе, ал сөөрүсүндө жөлөнүп отуруп алып: «Силер менен биздин ортобузда Аллахтын Китеби
عربي الإنجليزية الأوردية
Аллахтан корккула! Башчыңар хабаший (ынды кара) кул болсо да аны уккула жана моюн сунгула! Менден кийин көптөгөн карама-карышылыктарды көрөсүңөр. Ошондо менин жана менин туура жол көрсөтүүчү халифтеримдин сүннөт жолун бекем кармагыла!
عربي الإنجليزية الأوردية
Кимде-ким бир хадистин жалган экенин билип туруп аны мени айткан деп таратса, ал жалганчылардын бири болот
عربي الإنجليزية الأوردية
Ким менин атымдан атайын жалган сүйлөсө - өзүнө тозоктон орун камдай берсин
عربي الإنجليزية الأوردية
Менин үммөтүмдүн акыркыларынан силер да, силердин атаңар да укпаган нерсени айта турган адамдар чыгат. Андыктан силер да алардан сак болгула
عربي الإنجليزية الأوردية
Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдан, укканымдын бардыгын жаттагым келип жаза берчүмүн. Ошондо Курайштыктар мени тыйып: "Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдан, эшиткениңдин баарын жаза бересиңби? Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, да пенде, кээде ачууланып, кээде ыраазы болуп сүйлөйт го" - дешти. Ошондо мен жазууну токтоттум да аны Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламга, айттым. Ал сөөмөйү менен оозун көрсөтүп: "Жаз, анткени менин жаным колунда болгон Затка ант болсун! Мындан акыйкаттан башка эч нерсе чыкпайт" - деди. @
عربي الإنجليزية الأوردية