+ -

عن عبدِ الله بن عمرو رضي الله عنهما قال:
كنتُ أكتبُ كلَّ شيءٍ أسمعُه من رسولِ الله صلَّى الله عليه وسلم أُريدُ حفْظَه، فنهتْني قريشٌ، وقالوا: أتكْتبُ كلَّ شيءٍ تَسمَعُه من رسول الله صلَّى الله عليه وسلم، ورسولُ الله صلَّى الله عليه وسلم بَشَرٌ يتكلَّمُ في الغضَبِ والرِّضا؟ فأمسَكتُ عن الكتاب، فذكرتُ ذلك لرسول الله صلَّى الله عليه وسلم، فأومأ بإصبَعِه إلى فيه، فقال: «اكتُبْ، فوالذي نفسي بيدِه، ما يَخرُجُ منه إلا حقٌّ».

[صحيح] - [رواه أبو داود] - [سنن أبي داود: 3646]
المزيــد ...

Абдулла бин Амр, радыяллаху анху, риваят кылат:
Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдан, укканымдын бардыгын жаттагым келип жаза берчүмүн. Ошондо Курайштыктар мени тыйып: "Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдан, эшиткениңдин баарын жаза бересиңби? Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, да пенде, кээде ачууланып, кээде ыраазы болуп сүйлөйт го" - дешти. Ошондо мен жазууну токтоттум да аны Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламга, айттым. Ал сөөмөйү менен оозун көрсөтүп: "Жаз, анткени менин жаным колунда болгон Затка ант болсун! Мындан акыйкаттан башка эч нерсе чыкпайт" - деди.

[Сахих (ишенимдүү)] - [Абу Дауд жазып калтырган] - [Сунан Абу Дауд - 3646]

Түшүндүрмө

Абдулла бин Амр, радыяллаху анху, айтты: "Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдан, укканымдын баарын жазуу түрүндө сактап калуу үчүн жазчумун. Бирок Курайш уруусундагы кишилер тыюу салышты да мага: "Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, да пенде. Кээде ачууланып, кээде ыраазы болуп сүйлөйт. Кээде ката кетириши мүмкүн" - дешкенде жазууну токтоттум.
Ошондо мен Пайгамбарга, саллаллаху алейхи уа салламга, алардын айткандарын айттым. Ал сөөмөйү менен оозун көрсөтүп: "Жаз, анткени менин жаным колунда болгон Затка ант болсун! Мындан бардык абалда, ачууланып турган абалда да, ыраазы болуп турган абалда да, акыйкаттан башка эч нерсе чыкпайт" - деди.
Чындыганда, Аллах Таала Өзүнүн пайгамбары, саллаллаху алейхи уа саллам, жөнүндө мындай деген: "Ал өз каалоосу менен сүйлөбөйт. Чындыгында, ал (сүйлөгөн нерсе) түшүрүлгөн вахийден (8) башка нерсе эмес".

Котормо: Алглисче Урдуча Индонезияча Уйгурча Бангалча Түркчө Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Руандача Румынча Венгерче Чехче الموري Малагасиче Италянча Оромочо Каннадача الولوف Азерче Украинче الجورجية
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ыраазы болсо да, ачууланганда да Раббисинен жеткирген нерсесинде күнөөсүз (катасыз).
  2. Сахабалар, Аллах алардан ыраазы болсун, сүннөттү жаттап, аларды жеткирүүгө ынтызар болушкан.
  3. Бир ишти бекемдеп ырастоодо да ант ичүүгө болот.
  4. Илимди жазуу - илимди сактоонун эң маанилүү себептеринин бири.
Дагы...