+ -

عن أبي هريرة رضي الله عنه قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم:
«مَنْ كَذَبَ عَلَيَّ مُتَعَمِّدًا فَلْيَتَبَوَّأْ مَقْعَدَهُ مِنَ النَّارِ».

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح البخاري: 110]
المزيــد ...

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Ким менин атымдан атайын жалган сүйлөсө - өзүнө тозоктон орун камдай берсин".

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих ал-Бухари - 110]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким кайсы бир сөздү же ишти ага таандык кылып атайын жалган айтса, акыретте тозоктон ага орун даярдаларын кабарлаган. Ага жалган айтканынын жазасы ушул.

Котормо: Алглисче Урдуча Индонезияча Уйгурча Түркчө Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Бурмача Тайландча Немисче Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Руандача Румынча Венгерче Чехче الموري Малагасиче Оромочо Каннадача الولوف Азерче Украинче الجورجية
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) атайын максат кылып жалган айтуу, тозокко кирүүгө себеп болот.
  2. Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) атынан жалган айтуу башка адамдарга жалган айтуу сыяктуу эмес. Анткени, мунун дүйнө жана акыретке өтө көп зыяны тиет.
  3. Хадистин чындап эле пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) тиешелүү экендигинин ишенимдүүлүгүн тактап, тастыктмайынча аны таратуудан эскертүү.
Дагы...