1. Башкы бет
  2. Категориялар
  3. Акыйда (ишеним)

Хадис Биз Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, менен мечитте отурганыбызда, бир киши төө минип келип, мечиттин жанына коюп, анан аны байлап бизге: «Силердин кимиңер Мухаммад?» - деди. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, алардын артында жөлөнүп жаткан эле, биз: «Бул — чалкасынан жаткан ак адам» - дедик. Ал киши ага: «Оо, Ибн Абдулмутталиб!» - деп кайрылды. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ага: «Мен сага жооп берейин» - деди. Ал киши Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга: «Мен сенден суроо сураймын жана бул суроодо катаалмын. Андыктан өзүңө катуу албайсыңбы?» – деди. Пайгамбар: «Каалаган нерсеңи сура» - деди. Ал айтты: «Сенин Раббиң жана сенден мурункулардын Раббисине ант болсун! Аллах сени бардык адамдарга жибердиби?». Пайгамбар: «Оо, Аллахым, ооба» - деп айтты. Ал айтты: «Аллахтын аты менен касам ичип айтам, күндүзү жана түнү Аллах сага беш убак намаз окууну буйрудубу?» Пайгамбар: «Оо, Аллахым, ооба» - деп айтты. Ал айтты: «Аллахтын аты менен ант ичип айтам, Аллах бизге жылдын ушул айында орозо кармоону буйрудубу?» Пайгамбар: «Оо, Аллахым, ооба» - деп айтты. Ал айтты: «Аллахтын аты менен ант ичип айтам, Аллах сага бул садаканы байларыбыздан алып, кедейлерибизге бөлүштүрүүнү буйрудубу?» Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: «Оо, Аллахым, ооба» - деп айтты. Ал киши: «Мен сен алып келген нерсеңе ишендим жана мен өзүмдүн элиме элчи болоюн. Мен Димам бин Салаба, Бани Саад бин Бакр уруусунанмын» - деп айтты.@

عن أَنَسَ بْنَ مَالِكٍ رضي الله عنه قال:
بينما نحن جلوس مع النبي صلى الله عليه وسلم في المسجد دخل رجل على جمل، فأناخه في المسجد ثم عقله، ثم قال لهم: أيكم محمد؟ والنبي صلى الله عليه وسلم متكئ بين ظهرانيهم، فقلنا: هذا الرجل الأبيض المتكئ. فقال له الرجل: يا ابن عبد المطلب فقال له النبي صلى الله عليه وسلم: «قد أجبتك». فقال الرجل للنبي صلى الله عليه وسلم: إني سائلك فمشدد عليك في المسألة، فلا تجد علي في نفسك؟ فقال: «سل عما بدا لك» فقال: أسألك بربك ورب من قبلك، آلله أرسلك إلى الناس كلهم؟ فقال: «اللهم نعم». قال: أنشدك بالله، آلله أمرك أن نصلي الصلوات الخمس في اليوم والليلة؟ قال: «اللهم نعم». قال: أنشدك بالله، آلله أمرك أن نصوم هذا الشهر من السنة؟ قال: «اللهم نعم». قال: أنشدك بالله، آلله أمرك أن تأخذ هذه الصدقة من أغنيائنا فتقسمها على فقرائنا؟ فقال النبي صلى الله عليه وسلم: «اللهم نعم». فقال الرجل: آمنت بما جئت به، وأنا رسول من ورائي من قومي، وأنا ضمام بن ثعلبة أخو بني سعد بن بكر.

Анас бин Малик, радыяллаху анху, риваят кылат:
Биз Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, менен мечитте отурганыбызда, бир киши төө минип келип, мечиттин жанына коюп, анан аны байлап бизге: «Силердин кимиңер Мухаммад?» - деди. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, алардын артында жөлөнүп жаткан эле, биз: «Бул — чалкасынан жаткан ак адам» - дедик. Ал киши ага: «Оо, Ибн Абдулмутталиб!» - деп кайрылды. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ага: «Мен сага жооп берейин» - деди. Ал киши Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга: «Мен сенден суроо сураймын жана бул суроодо катаалмын. Андыктан өзүңө катуу албайсыңбы?» – деди. Пайгамбар: «Каалаган нерсеңи сура» - деди. Ал айтты: «Сенин Раббиң жана сенден мурункулардын Раббисине ант болсун! Аллах сени бардык адамдарга жибердиби?». Пайгамбар: «Оо, Аллахым, ооба» - деп айтты. Ал айтты: «Аллахтын аты менен касам ичип айтам, күндүзү жана түнү Аллах сага беш убак намаз окууну буйрудубу?» Пайгамбар: «Оо, Аллахым, ооба» - деп айтты. Ал айтты: «Аллахтын аты менен ант ичип айтам, Аллах бизге жылдын ушул айында орозо кармоону буйрудубу?» Пайгамбар: «Оо, Аллахым, ооба» - деп айтты. Ал айтты: «Аллахтын аты менен ант ичип айтам, Аллах сага бул садаканы байларыбыздан алып, кедейлерибизге бөлүштүрүүнү буйрудубу?» Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: «Оо, Аллахым, ооба» - деп айтты. Ал киши: «Мен сен алып келген нерсеңе ишендим жана мен өзүмдүн элиме элчи болоюн. Мен Димам бин Салаба, Бани Саад бин Бакр уруусунанмын» - деп айтты.

Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган) Сахих ал-Бухари - 63

Чечмелөө

Анас бин Малик, радыяллаху анху, айтат: Сахабалар Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, менен мечитте отурганда, бир адам төөгө минип келип, аны чөгөлөтүп байлап койду. Анан алардан: «Силердин кимиңер Мухаммад?» — деп сурады. Ал эми Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, сахабалардын арасында жөлөнүп жаткан эле, биз: «Бул — жөлөнүп жаткан ак адам» - деп айттык. Ал киши Пайгамбарыбызга: «Эй Абдулмутталибдин уулу!» - деп кайрылды. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ага: «Мен сени уктум, сура, мен сага жооп берем» - деп айтты. Ал киши Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга: «Мен сенден суроолорду сураймын. Жана мен бул суроолордо катуумун, өзүңө катуу алба» - деди. Башкача айтканда, мага ачууланба, капа болбо деди. Пайгамбар: «Каалаганыңды сура» - деди. Ал айтты: «Сенин Раббиң жана сенден мурункулардын Раббисине ант болсун! Аллах сени жалпы адамдарга жибердиби?» Пайгамбар: «Оо, Аллахым, ооба» - деп чынчылдыгын тастыктаган абалда айтты. Ал киши: «Сага Аллахтын аты менен касам ичип айтам». Башкача айтканда: «Мен сенден Аллахтын аты менен суранам, Аллах сага беш убак намазды күнү-түнү окууну буйрудубу?» деди. Ал парз намаздар. Пайгамбар: «Оо, Аллахым, ооба» - деди. Ал айтты: «Аллахтын аты менен касам ичип айтам, Аллах силерге жылдын ушул айында орозо кармоону буйрудубу?». Ал рамазан айы. Пайгамбар: «Оо, Аллахым, ооба» - деди. Ал айтты: «Аллахтын аты менен касам ичип айтам, Аллах сага бул садаканы байларыбыздан алып, кедейлерибизге бөлүштүрүүнү буйрудубу?». Бул зекет. Пайгамбар: «Оо, Аллахым, ооба» - деди. Ошондо Димам Исламды кабыл алып, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, элин Исламга чакыра турганын айтты. Анан өзүн тааныштырып, ал Бани Саад бин Бакр уруусунан Димам бин Саълаба экенин айтты.

Хадистин пайдалары

  1. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, кичи-пейилдүүлүгү. Анткени бул сахаба Пайгамбарды башка сахабалардын арасынан айырмалай алган жок.
  2. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уас салламдын, сонун кулк-мүнөздүүлүгү. Анткени суроо берүүчүгө жакшы жооп берүүсү. Себеби жакшы жооп берүү дааватты кабыл алуунун себептеринин бири.
  3. Бир кишини ак же кызыл, боюнун узундугу же кыскалыгы менен тааныштырууга уруксат болот. Ошондой эле бул сыпаттар кемчиликке ниет кылынбаган болсо жана аны ал киши жек көрбөсө уруксат болот.
  4. Каапыр адам муктаждык үчүн мечитке киришине уруксат.
  5. Хадисте ажылык жөнүндө айтылбады. Анткени ал келгенде ажылык ибадаты парз болбогон учур болуусу ыктымал.
  6. Сахабалар адамдарды Исламга чакырууга кызыгуусу. Бул сахаба Ислам динин кабыл алаары менен элин чакырууга киришти.

Котормолорду көрсөтүү

68 Тил
EN English الإنجليزية
UR اردو الأوردية
ES Español الإسبانية
ID Indonesia الإندونيسية
UG ئۇيغۇرچە الأيغورية
BN বাংলা البنغالية
FR Français الفرنسية
TR Türkçe التركية
RU Русский الروسية
BS Bosanski البوسنية
SI සිංහල السنهالية
HI हिन्दी الهندية
ZH 中文 الصينية
FA فارسی الفارسية
VI Tiếng Việt الفيتنامية
TL Tagalog تجالوج
KU Kurdî الكردية
HA Hausa الهوسا
PT Português البرتغالية
ML മലയാളം المليالم
TE తెలుగు التلغو
SW Kiswahili السواحيلية
TA தமிழ் التاميلية
MY မြန်မာ البورمية
TH ไทย التايلندية
DE Deutsch الألمانية
JA 日本語 اليابانية
PS پښتو بشتو
AS অসমীয়া الأسامية
SQ Shqip الألبانية
SV Svenska السويدية
AM አማርኛ الأمهرية
NL Nederlands الهولندية
GU ગુજરાતી الغوجاراتية
NE नेपाली النيبالية
YO Yorùbá اليوروبا
LT Lietuvių الليتوانية
PRS دری الدرية
SR Српски الصربية
SO Soomaali الصومالية
TG тоҷикӣ الطاجيكية
RW Kinyarwanda الكينياروندا
RO Română الرومانية
HU Magyar المجرية
CS Čeština التشيكية
MOS Moore الموري
MG Malagasy المالاجاشية
FF Fulfulde الفولانية
IT Italiano الإيطالية
OM Oromoo الأورومو
KN ಕನ್ನಡ الكانادا
WO Wolof الولوف
BG Български البلغارية
AZ Azərbaycan الأذربيجانية
EL Ελληνικά اليونانية
UZ O‘zbek الأوزبكية
UK Українська الأوكرانية
KA ქართული الجورجية
LN Lingala اللينجالا
MK Македонски المقدونية
KM ភាសាខ្មែរ الخميرية
BM Bambara البامبارية
PA ਪੰਜਾਬੀ البنجابية
MR मराठी الماراثية
DA Dansk الدنماركية
RN Kirundi الكيروندي
KMR Kurmancî الكرمنجية
MS Bahasa Melayu الملايو