عن أبي هريرة رضي الله عنه أن رسول الله صلى الله عليه وسلم قال:
«كُلُّ أُمَّتِي يَدْخُلُونَ الْجَنَّةَ إِلَّا مَنْ أَبَى»، قَالُوا: يَا رَسُولَ اللهِ، وَمَنْ يَأْبَى؟ قَالَ: «مَنْ أَطَاعَنِي دَخَلَ الْجَنَّةَ، وَمَنْ عَصَانِي فَقَدْ أَبَى».
[صحيح] - [رواه البخاري] - [صحيح البخاري: 7280]
المزيــد ...
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
«Менин үммөтүмдөн баш тарткандардан башкасынын баары бейишке кирет. Ошондо: «Оо, Аллахтын Элчиси, ким баш тартат?» - деп айтышат. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Ким мага моюн сунса, Бейишке кирет. Ким мага моюн сунбаса, анда баш тарткан болот» - деп айтты».
[Сахих (ишенимдүү)] - [Бухари жазып калтырган] - [Сахих ал-Бухари - 7280]
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үммөтүнүн тыйылгандардан башкасынын баары бейишке кире турганын кабарлап жатат.
Сахабалар: «Ким бейишке кирүүдөн тыйылат, эй Аллахтын Элчиси?» - деп сурашат.
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аларга мындай деп жооп берди: Ким Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) моюн сунса, ээрчисе жана ага баш ийсе, бейишке кирет. Ал эми кимде-ким шариятка моюн сунбаса жана баш ийбесе, анда жаман иш-аракеттери себебинен бейишке кирүүсүнө тыюу салынат.