+ -

عَنْ جَرِيرٍ رضي الله عنه عَنِ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ:
«مَنْ يُحْرَمِ الرِّفْقَ يُحْرَمِ الْخَيْرَ».

[صحيح] - [رواه مسلم] - [صحيح مسلم: 2592]
المزيــد ...

Жарир (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Кимде-ким боорукерликтен куру калса, бардык жакшылыктан куру калыптыр".

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муслим жазып калтырган] - [Сахих Муслим - 2592]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтат: боорукерликтен куру калган адамдын дүйнө ишинде да, акырет ишинде да, өзүнө кылган ишинде да, өзгөлөргө кылган ишинде да ийгилик болбойт. Ал бардык жакшылыктан тыйылып калат.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Сербче Румынча Малагасиче Каннадача الجورجية
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Боорукер болуу артыкчылыктуу мүнөз, кулк-мүнөздү ошого калыптандыруу керек. Ал эми оройлук, таш боордук жаман мүнөз.
  2. Боорукердик, ак көңүлдүк дүйнө жана акыреттин жакшылыгын камсыз кылат. Ал эми оройлук, таш боордук мунун тескерисине алып барат.
  3. Боорукердик - жакшы мүнөздүн жана саламатчылыктын жыйынтыгы. Таш боордук - ачуунун жана оройлуктун жыйынтыгы. Ошон үчүн пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) боорукердикти мактаган.
  4. Суфян Саври (ага Аллах ырайым кылсын) жолдошторуна кайрылып мындай дейт: Боорукердик деген эмне экенин билесиңерби? Ал - ар бир нерсени өз ордуна коюу. Катуулукту да өз ордуна коюу. Жумшактыкты да өз ордуна коюу. Кылычты да өз ордуна коюу. Таякты да өз ордуна коюу.
Дагы...