+ -

عَنْ أَبِي بَرْزَةَ الأَسْلَمِيِّ رضي الله عنه قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ:
«لَا تَزُولُ قَدَمَا عَبْدٍ يَوْمَ القِيَامَةِ حَتَّى يُسْأَلَ عَنْ عُمُرِهِ فِيمَا أَفْنَاهُ، وَعَنْ عِلْمِهِ فِيمَ فَعَلَ، وَعَنْ مَالِهِ مِنْ أَيْنَ اكْتَسَبَهُ وَفِيمَ أَنْفَقَهُ، وَعَنْ جِسْمِهِ فِيمَ أَبْلَاهُ».

[صحيح] - [رواه الترمذي]
المزيــد ...

Абу Барза ал-Аслами (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Кыямат күнү пенде өмүрүн эмне менен өткөргөнү, илимин кандай пайдаланганы, мал-мүлкүн кайдан таап, кайда каржылаганы, дене-кубатын кандай иштеткени тууралуу суралмайынча анын кадамы жылбайт".

Сахих (ишенимдүү) - Ат-Тирмизи жазып калтырган.

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кыямат күнү эч бир адам төмөнкү иштер тууралуу суралмайынча эсеп-кысап майданынан бейишке да, тозокко да өтө албастыгын айткан.
Биринчиси: Жашоосун кантип өткөргөнү тууралуу.
Экинчиси: Илимди Аллахтын ыраазылыгы үчүн алганбы? Алган илимине амал кылдыбы? Алган илимин тиешелүү адамдарга жеткирдиби?
Үчүнчүсү: Мал-мүлкүн арамдан таптыбы, же адалдан таптыбы? Анан аны Аллах ыраазы боло турган иштерге жумшадыбы, же Аллахтын ачуусун келтире турган иштерге короттубу?
Төртүнчү: Дене мүчөлөрүн, күч-кубатын, чың ден солугун, жаштык курагын эмнеге иштетип, эмнеге жумшады?

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Свахиличе Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Гужаритиче Непалча Йорубача Дариче Сомаличе
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Өмүрдү Аллах ыраазы боло тургандай пайдалануу зарыл.
  2. Аллахтын пенделерге берген нээмат-жакшылыгы өтө көп. Пенде ошол нээматтар тууралуу сөзсүз суралат, ошондуктан Аллахтын нээматтарын Ал ыраазы боло тургандай пайдалануусу зарыл.
Дагы...