+ -

عن جَرِيْر بنِ عبدِ الله رضي الله عنه قال:
كُنَّا عِنْدَ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، فَنَظَرَ إِلَى الْقَمَرِ لَيْلَةً -يَعْنِي الْبَدْرَ- فَقَالَ: «إِنَّكُمْ سَتَرَوْنَ رَبَّكُمْ كَمَا تَرَوْنَ هَذَا الْقَمَرَ، لَا تُضَامُونَ فِي رُؤْيَتِهِ، فَإِنِ اسْتَطَعْتُمْ أَنْ لَا تُغْلَبُوا عَلَى صَلَاةٍ قَبْلَ طُلُوعِ الشَّمْسِ وَقَبْلَ غُرُوبِهَا فَافْعَلُوا» ثُمَّ قَرَأَ: «{وَسَبِّحْ بِحَمْدِ رَبِّكَ قَبْلَ طُلُوعِ الشَّمْسِ وَقَبْلَ الْغُرُوبِ}»

[صحيح] - [متفق عليه]
المزيــد ...

Жарир бин Абдуллах (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:
Биз Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жанында элек. Ал түнкү айга, тагыраак айтканда, толуп турган айга карап: " Раббиңерди ушул айды көрүп турган сыяктуу көрөсүңөр, Аны көрүүдө эч кыйналбайсыңар. Эгер күн батардагы жана күн чыгардагы намазга тоскоолдуктарды жеңе аласаңар, анда ушул эки намазды аткаргыла" - деди да, анан: "Күн чыгардан мурда жана күн батарда Раббиңе мактоо айтуу менен Аны аруула" деген аятты окуду.

Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)

Түшүндүрмө

Бир түнү сахабалар Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен бирге отурганда, ал он төртүнө толуп турган айга карап мындай дейт: Чынында ыймандуу пенделер Раббисин акыйкат, өз көздөрү менен эч шексиз көрүшөт. Аллах Тааланы көрүүдө аларда тыгын да, кыйынчылык да, чарчоо да болбойт. Андан кийин Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай дейт: Эгер багымдат жана дигер намазынан силерди алагды кыла турган себептерди жогото алсаңар, анда ошондой кылгыла, бул эки намазга өз убагында жамаат менен окууга келгиле. Анткени бул Улук Аллах Тааланын жүзүн көрүүгө себеп болот. Андан кийин Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул аятты окуду: "Күн чыгардан мурда жана күн батарда Раббиңе мактоо айтуу менен Аны аруула".

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Гужаритиче Непалча Йорубача Дариче Сомаличе Руандача
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Ыйман ээлерине бейиште Аллах Тааланы көрөрү тууралуу сүйүнчү кабар.
  2. Бышыктап айтуу, кызыктыруу жана мисал келтирүү - булар, дааваттын услуб-ыкмаларынан.
Дагы...