+ -

عن سعد بن أبي وقاص رضي الله عنه قال: سمعت رسول الله صلى الله عليه وسلم يقول:
«إِنَّ اللهَ يُحِبُّ الْعَبْدَ التَّقِيَّ الْغَنِيَّ الْخَفِيَّ».

[صحيح] - [رواه مسلم]
المزيــد ...

Саъд бин Абу ваккас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айтканын уктум:
"Аллах Таала такыба, бай, купуя пендени жакшы көрөт".

Сахих (ишенимдүү) - Муслим жазып калтырган.

Түшүндүрмө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Таала кээ бир пенделерин жакшы көрөрүн кабарлаган.
Ошолордун бири такыба пенде: Аллах Тааланын буйруктарын кынтыксыз аткарып, тыюуларынан дароо тыйылган адам.
Аллах Таала байды жакшы көрөт: адамдардын колун карабаган, Аллахка гана таянган каниеттүү адам.
Аллах Таала купуя пендени жакшы көрөт: кичи пейил, Раббисине ибадат кылган, пайдалуу иш менен алек болгон, анысын адамдар билүүсүн жана мактап сөз кылуусун каалабаган адам.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сомаличе Руандача
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Аллах Тааланын сүйүүсүнө татыктуу боло турган кээ бир сыпаттар: такыбалык, кичи пейилдик, Аллахтын бергенине ыраазы болуу ж.б. тууралуу баяндалган.
Дагы...