+ -

عَنْ عَبْدُ اللَّهِ بْنُ سَلَامٍ رضي الله عنه قَالَ: لَمَّا قَدِمَ النَّبِيُّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ الْمَدِينَةَ انْجَفَلَ النَّاسُ قِبَلَهُ، وَقِيلَ: قَدِمَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، قَدِمَ رَسُولُ اللَّهِ، قَدِمَ رَسُولُ اللَّهِ، ثَلَاثًا، فَجِئْتُ فِي النَّاسِ لِأَنْظُرَ، فَلَمَّا تَبَيَّنْتُ وَجْهَهُ، عَرَفْتُ أَنَّ وَجْهَهُ لَيْسَ بِوَجْهِ كَذَّابٍ، فَكَانَ أَوَّلُ شَيْءٍ سَمِعْتُهُ تَكَلَّمَ بِهِ أَنْ قَالَ:
«يَا أَيُّهَا النَّاسُ، أَفْشُوا السَّلَامَ، وَأَطْعِمُوا الطَّعَامَ، وَصِلُوا الْأَرْحَامَ، وَصَلُّوا بِاللَّيْلِ وَالنَّاسُ نِيَامٌ، تَدْخُلُوا الْجَنَّةَ بِسَلَامٍ».

[صحيح] - [رواه الترمذي وابن ماجه وأحمد] - [سنن ابن ماجه: 3251]
المزيــد ...

Абдуллах бин Салам (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Мадинага келген күнү, адамдардын баары ал келе жаткан тарапка чуркап, бирөө "Аллахтын элчиси келди!" деп үч жолу кыйкырды. Мен дагы эл менен бирге аны көрүүгө чуркадым. Анын жүзү мага даана көрүнгөндө, жүзүнөн дароо эле анын жалган сүйлөбөстүгүн байкадым. Анын айткан сөздөрүнөн эң биринчи укканым ушул болду:
"Эй, адамдар! Саламыңарды жайылткыла. Ачкаларды тоюндургула! Туугандар менен катташкыла! Түндө башкалар уктап жатканда силер намаз окугула! Ошондо эч жамандыкка учурабай бейишке киресиңер!"

[Сахих (ишенимдүү)] - [Ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган] - [Сунан Ибн Маажа - 3251]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз Мадинага келгенде анын караанын көргөн адамдар ага бет алып чуркашты. Аны утурлай чуркагандардын арасында жөөттөрдөн Абдуллах бин Салам да бар эле. Ал пайгамбардын жүзүн көргөндө эле ал жүздүн жалган айтпастыгын сезет. Анткени анын жүзүнөн нур, чырай, айбат жана чынчылдыктын белгиси көрүнүп турган. Анын пайгамбардан укан эң биринчи сөзү, адамдын бейишке кирүүсүнө себеп боло турган амалдар жөнүндө айтканы болду. Ала амалдар төмөнкүлөр:
Биринчи: саламды жайылтуу, көбөйтүү, тааныган адамга да, тааныбаган адамга да ачык салам айтуу.
Экинчи: коноктоп же белек кылып, же садага катары ачка адамдарга тамак берүү.
Үчүнчү: ата жагынан болобу, эне жагынан болобу туугандык байланышы бар жакын туугандар менен карым-катышта болуу.
Төртүнчү: адамдар уктап жатканда түнкү напил намаздарды окуу.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Румынча
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Мусулмандардын арасында салам айтууну жайылтуу жакшы. Ал эми мусулман эмес адамга озунуп салам айтууга болбойт. Эгер ал Ассаламу алайкум (сага тынчтык болсун) деп салам берсе, ва алайкум (сага дагы) деп жооп кайтаруу керек.
Дагы...