+ -

عن معاوية رضي الله عنه قال: سمعت النبي صلى الله عليه وسلم يقول:
«مَنْ يُرِدِ اللهُ بِهِ خَيْرًا يُفَقِّهْهُ فِي الدِّينِ، وَإِنَّمَا أَنَا قَاسِمٌ، وَاللهُ يُعْطِي، وَلَنْ تَزَالَ هَذِهِ الْأُمَّةُ قَائِمَةً عَلَى أَمْرِ اللهِ، لَا يَضُرُّهُمْ مَنْ خَالَفَهُمْ، حَتَّى يَأْتِيَ أَمْرُ اللهِ».

[صحيح] - [متفق عليه]
المزيــد ...

Муавия (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айтканын уктум:
"Аллах кимге жакшылыкты кааласа, аны динде илимдүү кылат. Чынында мен бөлүштүрүүчүмүн, Аллах берүүчү. Бул үммөт Аллахтын динин бекем кармаса, кыямат болгонго чейин аларга каршы чыккандар зыянын тийгизе албайт".

Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)

Түшүндүрмө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Таала жакшылыкты каалаган пендесине Өзүнүн динине болгон туура түшүнүк берип коёт. Ал эми ал өзү (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Таала берген ырыскыны, илимди ж.б. бөлүштүрөт жана таратат. Чыныгы берүүчү - Аллах Таала. Башкалардын баары себеп, Аллахтын каалоосу менен гана пайда бере алат. Бул үммөт Аллахтын динин бек кармап, Анын буйруктарын так аткарып жүрсө, кыямат болгонго чейин аларга каршы чыккандардын зыяны аларга тийбейт.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сомаличе Руандача
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Шарият илиминин артыкчылыгы, маанилүүлүгү, аны үйрөнүү жана ага кызыктырып шыктандыруу.
  2. Бул үммөттүн сакталуусуна алардын ак динди бекем кармануулары себеп болот. Эгер бир тайпа ал жолдон тайса, анын ордуна башкасы келет.
  3. Дин илимин терең түшүнүү - Аллах Таалынын пендесине каалаган жакшылыгынан болуп эсептелет.
  4. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахтын буйругу жана каалоосу менен гана бере алат, ал өзү эч нерсеге ээ эмес.
Дагы...