+ -

عَنْ عَبْدِ اللهِ بْنِ عَمْرِو بْنِ العَاصِ رضي الله عنهما قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ:
«إِنَّ اللهَ سَيُخَلِّصُ رَجُلًا مِنْ أُمَّتِي عَلَى رُءُوسِ الْخَلَائِقِ يَوْمَ الْقِيَامَةِ، فَيَنْشُرُ عَلَيْهِ تِسْعَةً وَتِسْعِينَ سِجِلًّا، كُلُّ سِجِلٍّ مِثْلُ مَدِّ الْبَصَرِ، ثُمَّ يَقُولُ: أَتُنْكِرُ مِنْ هَذَا شَيْئًا؟ أَظَلَمَكَ كَتَبَتِي الْحَافِظُونَ؟ فَيَقُولُ: لَا يَا رَبِّ، فَيَقُولُ: أَفَلَكَ عُذْرٌ؟ فَيَقُولُ: لَا يَا رَبِّ، فَيَقُولُ: بَلَى إِنَّ لَكَ عِنْدَنَا حَسَنَةً، فَإِنَّهُ لَا ظُلْمَ عَلَيْكَ الْيَوْمَ، فَتُخْرَجُ بِطَاقَةٌ فِيهَا: أَشْهَدُ أَنْ لَا إِلَهَ إِلَّا اللهُ وَأَشْهَدُ أَنَّ مُحَمَّدًا عَبْدُهُ وَرَسُولُهُ، فَيَقُولُ: احْضُرْ وَزْنَكَ، فَيَقُولُ: يَا رَبِّ مَا هَذِهِ الْبِطَاقَةُ مَعَ هَذِهِ السِّجِلَّاتِ؟ فَقَالَ: إِنَّكَ لَا تُظْلَمُ، قَالَ: فَتُوضَعُ السِّجِلَّاتُ فِي كِفَّةٍ، وَالْبِطَاقَةُ فِي كِفَّةٍ، فَطَاشَتِ السِّجِلَّاتُ، وَثَقُلَتِ الْبِطَاقَةُ، فَلَا يَثْقُلُ مَعَ اسْمِ اللهِ شَيْءٌ».

[صحيح] - [رواه الترمذي وابن ماجه]
المزيــد ...

Абдулла бин Амр бин Аль-Аас, радыяллаху анху, риваят кылат. Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
Аллах Кыямат күнү үммөтүмдөн бир адамды бардык адамдардын арасынан тандап алат. Анан токсон тогуз китепти көзгө көрүнгөн жерге чейин жайат. Ар бир китеп көзгө көрүнгөн жерге чейинки чоңдукта болот. Андан кийин мындай дейт: «Булардын кайсы бирин жокко чыгарасын? Менин сактоочу жазуучуларым сага зулумдук кылыштыбы? Ал: «Жок, Раббим» – дейт. Анан: "Сенин үзүрүң барбы?" - дейт. Ал: «Жок, Раббим» - дейт. Роббиси: «Бирок, Бизде сенин бир жакшылыгың бар» - дейт. Чындыгында, бүгүн сага эч кандай зулумдук кылынбайт. Ал китептин ичинен: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок экендигине күбөлүк берем жана Мухаммад Анын кулу жана Элчиси экендигине күбөлүк берем» - деген жазуусу бар баракча чыгарылат. Роббиси: «Амал таразаны алып келгиле» дейт, анан: «Оо, Раббим! Бул баракча чоң китептердин алдында эмнеге жарайт? - дейт. Раббиси: «Силерге зулум кылынбайт» - деди. Андан кийин китептерди таразанын бир табагына салып, баракчаны таразанын экинчи табагына койгондо баракча китептерге басымдуу келет. Мына ошондуктан Аллахтын ысымы менен эч нерсе тең келбейт».

Сахих (ишенимдүү) - Ат-Тирмизи жазып калтырган.

Түшүндүрмө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Аллахтын Кыямат күнү бардык макулуктардын арасынан өз үммөтүнөн бир адамды сурак алуу үчүн чыгаруусун кабарлады. Ага токсон тогуз китепти көрсөтүп, бул анын бул дүйнөдө кылган жаман иштеринин китептери жана ар бир китептин узундугу көз жеткенчелик чоңдукта болгонун айтты. Ошондо Аллах Таала бул кишиге: "Бул китептерде жазылгандардын бирөөсүн болсо да тана аласыңбы?" - деп айтат. Менин коргоочу периштелерим, китепчилер, силерге зулумдук кылыштыбы? Ал киши: Оо, Раббим! Андай эмес - дейт. Аллах Таала айтат: Бул дүйнөдө кылгандарың үчүн үзүрүң барбы? Бул кемчиликпи, катачылыкпы же билбестикпи деп үзүрүн сурайт. Ал киши: Жок, Раббим, менде эч кандай шылтоо жок - дейт Аллах Таала айтат: Чындыгында, сенин Бизде бир жакшылыгың бар жана бүгүн силерге эч кандай зулумдук жок. Пайгамбар айтты: Анан ал: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок экендигине күбөлүк берем жана Мухаммад Анын кулу жана элчиси экендигине күбөлүк берем» деген баракчаны алып чыгат. Аллах Таала: Бул киши үчүн таразаңды алып кел - деп айтат. Ошондо ал киши таң калып: Оо, Раббим! Бул баракча бул китептер менен кандай салмакта болот?! - деп сурайт. Аллах Таала айтты: Сага эч кандай зулумдук болбойт. Ошондо Пайгамбар мындай деди: Ошентип, жазуу китептер таразанын бир жагына салынат, ал эми баракча таразанын экинчи жагына коюлат. Ошентип, жазуу китептери бар тарабы жеңилдеп, баракча бар тарабы оорлоду. Мына ошондуктан Аллах аны кечирди.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Түркчө Боснияча Сингалча Индияча Ветнамча Күртчө Хаусача Малаяламча Телгиче Свахиличе Бурмача Тайландча Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Тажикче Руандача
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок экендигине күбөлүк берүү тавхид сөзүнүн улуулугу жана анын таразадагы салмагы.
  2. «Лаа илааха иллаллах» сөзүн тил менен гана айтуу жетиштүү эмес, анын маанисин билип, ага ылайык амал кылуу зарыл.
  3. Ыкластуулуктун жана тавхидтин күчү күнөөлөрдүн кечирүүлүсүнө себеп болот.
  4. Ыйман ыкластын жүрөктөрдө болгонуна жараша бир канча даражаларга бөлүнөт. Анткени кээ бир адамдар бул сөздү айтышы мүмкүн, бирок күнөөсүнө жараша азапка дуушар болушат.