Майда категориялар

Хадистердин тизмеси

Мусулман кишиге чарчап-чалыгуу, оору, кыжаалатчылык, кайгы-капа, ыза, кыйынчылык болсо, атүгүл, тикен сайылса да, ошонун себебинен Аллах анын каталарын өчүрөт
عربي Алглисче Урдуча
Ким чын жүрөгү менен: "Лаа илааха иллаллооху, ва анна Мухамммадан аъбдуху ва расуулух" - деп күбөлүк берсе, Аллах анын тозокко кирүүсүн арам кылат
عربي Алглисче Урдуча
Күндөрдүн биринде Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа саллам, менен Уфайр аттуу эшектин үстүндө учкашып бара жаткам. Ошондо Пайгамбар айтты: "Эй, Муаз! Сен пенделердин Аллахка болгон акыларын жана Аллахтын пенделерине болгон акысын билесиңби?" - деп сурады. Мен: "Аллах жана Анын Элчиси жакшы билет" - деп айттым. Ал: "Пенделердин Аллахка болгон акылары - жалгыз Ага гана сыйынуулары жана Ага эч кимди шерик кылбоосу - деп айтты. Ошондой эле Аллахтын пенделерине болгон акысы - ал Өзүнө шерик кошпогон пендесин азапка салбоосу" - деди. Мен: "О, Аллахтын Элчиси! Мен бул кабарды элге айтып сүйүнчүлөсөм кандай?" - дедим. Ал: "Аларды сүйүнчүлөбөй эле кой. Андай кылсаң алар ушуга таянып алышат"* - деп айтты.@
عربي Алглисче Урдуча
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, бир киши келип: Оо, Аллахтын Элчиси, милдет болгон негизги эки нерсе эмне? - деп айтты. Ал айтты: «Ким Аллахка шерик кошпой өлсө бейишке кирет, ал эми ким шерик кошуп өлсө тозокко кирет».@
عربي Алглисче Урдуча
Аллах Кыямат күнү үммөтүмдөн бир адамды бардык адамдардын арасынан тандап алат. Анан токсон тогуз китепти көзгө көрүнгөн жерге чейин жайат. Ар бир китеп көзгө көрүнгөн жерге чейинки чоңдукта болот. Андан кийин мындай дейт: «Булардын кайсы бирин жокко чыгарасын? Менин сактоочу жазуучуларым сага зулумдук кылыштыбы? Ал: «Жок, Раббим» – дейт. Анан: "Сенин үзүрүң барбы?" - дейт. Ал: «Жок, Раббим» - дейт. Роббиси: «Бирок, Бизде сенин бир жакшылыгың бар» - дейт. Чындыгында, бүгүн сага эч кандай зулумдук кылынбайт. Ал китептин ичинен: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок экендигине күбөлүк берем жана Мухаммад Анын кулу жана Элчиси экендигине күбөлүк берем» - деген жазуусу бар баракча чыгарылат. Роббиси: «Амал таразаны алып келгиле» дейт, анан: «Оо, Раббим! Бул баракча чоң китептердин алдында эмнеге жарайт? - дейт. Раббиси: «Силерге зулум кылынбайт» - деди. Андан кийин китептерди таразанын бир табагына салып, баракчаны таразанын экинчи табагына койгондо баракча китептерге басымдуу келет. Мына ошондуктан Аллахтын ысымы менен эч нерсе тең келбейт
عربي Алглисче Урдуча
«Оо, Аллахтын Элчиси, кандай гана жаман иш болбосун, эч кимисин калтырбай аткарып чыктым». Анда Пайгамбар: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок экендигине жана Мухаммад Аллахтын элчиси экендигине күбөлүк бересиңби?» - деп үч жолу сурады. Ал: «Ооба, күбөлүк берем» - деп айтты. Пайгамбар айтты: «Күбөлүк берүүң ал жаман иштериңди жууп кетет
عربي Алглисче Урдуча
Алты иш-аракет, төрт түрдүү адам жана эки сөзсүз боло турган иш бар. Ал эми ар бир жакшылык он эседен жети жүз эсеге чейин көбөйтүлүп берилет. Сөзсүз түрдө боло турган эки иш - ал кимде-ким Аллахка ширк кылбай өлсө, анда ал бейишке кирет. Ал эми ким ширк кылып жүрүп өлсө, анда ал тозокко кирет. Бир амалга өзүндөй болгон сооп ал - эгерде-ким бир жакшы ишке ниет кылып ал ишти жүрөгү менен аткарууга аракет кылып кылса, (бирок аткарууга мүмкүнчүлүгү жок болсо деле) Аллах анын жүрөгүн билип ага бир сооп жазат. А эгерде ким бир жаман иш кылса, анда ага бир күнөө жазылат. Ал эми бир жакшылык ишин кылса, анда ага он эсеге чейин көбөйтүлүп берилет. Кимде-ким Аллах жолунда мал-акчасын сарптаса, анда ага жети жүз эсеге чейин көбөйтүлүп берилет. Ал эми адамдар: Бирөөсү, бул дүйнөдө ырыскысы кеңири берилип акыретте куру жалак калат. Бирөөсү, бул дүйнөдө ырыскысы тарып акыретте кенен ырыскыга жетет. Бирөөсү, бул дүйнөдө жана акыретте да ырыскысы тар болот. Акыркысы, бул дүйнөдө жана акыретте да ырыскысы кенен болот
عربي Алглисче Урдуча
«Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, амекисине: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок деп айтыңыз. Кыямат күнү мен сизге күбө болом» - деп айтканда, ал айтты: «Эгерде Курайш башчылары «бул өлүмдөн коркуп келимени айтты» дешип жемелөөлөрү болбогондо, анда мен сенин көзүңдү сүйүнтмөкмүн». Ошондо Аллах бул аятты түшүрдү: «Чындыгында, сен жакшы көргөн адамыңды туура жолго алып келе албайсың. Бирок Аллах каалаган пендесин туура жолго алып келет». (Касас, 56)*@
عربي Алглисче Урдуча