+ -

عَنْ أَبِي سَعِيدٍ الْخُدْرِيِّ وَعَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رضي الله عنهما عَنِ النَّبِيِّ صلى الله عليه وسلم قَالَ:
«مَا يُصِيبُ الْمُسْلِمَ مِنْ نَصَبٍ وَلَا وَصَبٍ وَلَا هَمٍّ وَلَا حُزْنٍ وَلَا أَذًى وَلَا غَمٍّ حَتَّى الشَّوْكَةِ يُشَاكُهَا إِلَّا كَفَّرَ اللهُ بِهَا مِنْ خَطَايَاهُ».

[صحيح] - [متفق عليه]
المزيــد ...

Абу Саъид ал-Худри жана Абу Хурайра (ал экөөнө Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
Мусулман кишиге чарчап-чалыгуу, оору, кыжаалатчылык, кайгы-капа, ыза, кыйынчылык болсо, атүгүл, тикен сайылса да, ошонун себебинен Аллах анын каталарын өчүрөт".

Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)

Түшүндүрмө

Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулман пендеге ооруу, кыжаалатчылык, кайгы, убайым, каатчылык, коркунуч, ачкалык, ал тургай кичинекей тикен сайылып, оорутса, ушунун баары анын күнөөсү кечирилип, катасы жоюлууга себеп болорун бяндаган.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Гужаритиче Непалча Йорубача Дариче Сомаличе Руандача
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Ыймандуу пенденин башына келген аз гана зыяндын себебинен анын күнөсүн кечирген Аллахтын ырайымы жана артыкчылыгы баян кылынган.
  2. Мусулман пенде даражасы көтөрүлүп, күнөөлөрү кечирилүүсү үчүн, башына түшкөн иш үчүн Аллахтан сооп үмүт кылып, кыйынчылыктын азына да, көбүнө да сабыр кылуусу зарыл.
Дагы...