+ -

جَاءَ رَجُلٌ إِلَى رَسُولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ مِنْ أَهْلِ نَجْدٍ ثَائِرُ الرَّأْسِ، نَسْمَعُ دَوِيَّ صَوْتِهِ، وَلَا نَفْقَهُ مَا يَقُولُ حَتَّى دَنَا مِنْ رَسُولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، فَإِذَا هُوَ يَسْأَلُ عَنِ الْإِسْلَامِ، فَقَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «خَمْسُ صَلَوَاتٍ فِي الْيَوْمِ وَاللَّيْلَةِ» فَقَالَ: هَلْ عَلَيَّ غَيْرُهُنَّ؟ قَالَ: «لَا، إِلَّا أَنْ تَطَّوَّعَ، وَصِيَامُ شَهْرِ رَمَضَانَ»، فَقَالَ: هَلْ عَلَيَّ غَيْرُهُ؟ فَقَالَ: «لَا، إِلَّا أَنْ تَطَّوَّعَ»، وَذَكَرَ لَهُ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ الزَّكَاةَ، فَقَالَ: هَلْ عَلَيَّ غَيْرُهَا؟ قَالَ: «لَا، إِلَّا أَنْ تَطَّوَّعَ»، قَالَ: فَأَدْبَرَ الرَّجُلُ، وَهُوَ يَقُولُ: وَاللهِ، لَا أَزِيدُ عَلَى هَذَا، وَلَا أَنْقُصُ مِنْهُ، فَقَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: @«أَفْلَحَ إِنْ صَدَقَ».
[صحيح] - [متفق عليه]
المزيــد ...

Талха бин Убайдуллах (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:
"c2">“Нажд журтунан чачтары үрпөйгөн жүдөгөн бир киши пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келди. Анын бийик үнүн тээ алыстан эле уктук, бирок эмне деп жатканына түшүнбөдүк. Жаныбызга келгенде гана пайгамбардан Ислам негиздерин сурап жатканын түшүндүк. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) анын суроосуна: “Күнү-түнү биригип беш убак намаз окуу” – деп жооп берди. Тиги: "c2">“Мындан ашыкча дагы намаз окуу мага шартпы?”
– деп сурады. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "c2">“Жок, бирок өз ыктыярың менен кошуп окуйм десең, нафил намаздарды оку. Анан Рамазан айында орозо кармоо” – деди. Тиги дагы сурады: "c2">“Мындан башка дагы орозо кармоо шартпы?” "c2">“Жок, бирок өз ыктыярың менен кармайм десең, нафил орозолорду карма” – деди. Анан пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) зекет тууралуу айтты. Тиги: "c2">“Мындан сырткары да зекет берүү шартпы?” – деп сурады. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "c2">“Жок, бирок өз ыктыярың менен берем десең, нафил садака бер” – деди. Тиги киши жоопту угуп артына бурулуп баратып: "c2">“Аллахка ант, мен мына ушул сиз айткандардан ашыкча да кылбайм, кем да кылбайм” – деди. Ал ары кеткенден кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "c2">“Эгер, бул сөзүнө турса, азаптан кутулат”. – деди”.
Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Нажддын тургундарынан чачы чатышкан, үнү бийик, бирок айтканы түшүнүксүз болгон бир киши келди. Ал качан гана пайгамбардын жанына келгенде, андан Исламдын парздары тууралуу сурап жатканы маалым болду.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алгач намаздан баштады. Аллах Таала бир суткада беш убак намаз окуунун милдет кылып моюнга жүктөгөнүн айтты.
Тиги киши: бул беш убак намаздан сырткары дагы башка намаздарды окуу мага милдет эмеспи? деп сурады.
Ал: Жок, башка намаз окуу сага милдет эмес. Бирок кошумча нафил намаздарды окусаң болот деди.
Анан Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага Рамазан айынын орозосун кармоого милдеттүү экенин айтты.
Тиги киши: Рамазандын орозосунан башка орозо кармоо мага милдет эмеспи? - деп сурады.
Ал: Жок, эгер кааласаң, нафил орозо кармасаң болот - деди.
Анан пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага зекет тууралуу айтты.
Тиги киши: Милдеттүү зекеттен башка садака да берүү мага милдет эмеспи? - сурады.
Ал: Жок. Бирок кааласаң, напил садакаларды берсең болот - деди.
Киши Аллахтын элчисинин айткандарын уккандан кийин артына бурулуп жөнөдү да, Аллахка касам ичип, бул айтылгандарды ашык-кем кылбай аткарып жүрөрүн айтты. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Эгер бул киши касам ичип айткан сөзүндө турса, анда тозоктон кутулуучулардын катарында болот - деди.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Күртчө Португалча Свахиличе Тайландча Ассамча Щведче Амхарча Йорубача Дариче
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Ислам шарияты кечиримдүү жана аткаруучу адамдарга өтө жеңил.
  2. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) тиги кишини жанына жакын алып, анын суроолоруна жооп бергени, анын өтө жакшы мамиле кылуучу экенинен кабар берет.
  3. Аллахтын динине чакырууда, алгач ибадаттардын эң зарылы, анан андан кийинкиси катары менен айтылууга тийиш.
  4. Ислам дини - ишеним жана иш-амал кылуудан турат. Ыймансыз аткарылган иш-амалдардын пайдасы жок. Иш-амалдары жок болсо, ыймандын пайдасы тийбейт.
  5. Бул айтылган ибадаттар өтө зарыл ибадаттар, анткени алар Исламдын түркүктөрү.
  6. Жума намазы дагы беш убак намаздын ичине кирет, анткени ал жума күнү бешим намазынын ордуна окулат.
  7. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ислам түркүктөрүн айтканда, күбөлүк келмесинен кийинки намаздан баштады. Мунун себеби тиги киши келме келтирип мусулман болгон адам эле. Ал эми ажылык тууралуу айтпаганы, бул окуя ажы парз болгонго чейин болушу мүмкүн. Же ажылыктын убагы келе элек болушу мүмкүн.
  8. Эгерде инсан ушул парз амалдарды аткаруу менен эле чектелсе да тозоктон кутулат. Бирок бул башка нафил ибадаттарды аткаруу сүннөттө жок деген сөз эмес. Анткени, кыямат күнү парз амалдардын кемчилиги нафил ибадаттар менен толукталат.