+ -

عن بعض أزواج النبي صلى الله عليه وسلم عن النبي صلى الله عليه وسلم قال:
«مَنْ أَتَى عَرَّافًا فَسَأَلَهُ عَنْ شَيْءٍ لَمْ تُقْبَلْ لَهُ صَلَاةٌ أَرْبَعِينَ لَيْلَةً».

[صحيح] - [رواه مسلم] - [صحيح مسلم: 2230]
المزيــد ...

Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аялдарынын биринин айтымында, пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан:
"Ким төлгөчүгө барып андан бир нерсе тууралуу сураса, кырк күнгө чейин анын намазы кабыл болбойт".

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муслим жазып калтырган] - [Сахих Муслим - 2230]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төлгөчүгө барууга болбостугун эскерткен. Төлгөчү дегени, көзү ачык, жылдыз кароочу, пал ачуучу ж.б. ушундайларды пайдаланып кайыпты билерине далил кылган адамдардын жалпы аталышы. Мындайлардан кайып ишти бир эле жолу сурап койсо, Аллах Таала сураган кишини кырк күндүк намазынын сообунан куру калтырат, бул анын ушундай чоң күнөөгө барганынын акыбети.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Тажикче Руандача Румынча Венгерче Чехче الموري Малагасиче Италянча Оромочо Каннадача الولوف البلغارية Азерче Украинче الجورجية
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Көзү ачыктык кылуу жана ага барып кайыпты суроо тыюу салынган арам иш.
  2. Кылган күнөөсү себептүү адам жакшы амалдарынын сооп-сыйынан куру калышы мүмкүн.
  3. Жылдыз төлгөсү деп аталган төлгө жана ага кароо, ошондой эле алаканга, чыныга жөн эле кызыгып кароо да ушул хадистин ичине кирет. Анткени мунун баары көзү ачыктыкка жана кайып илимин билем дегендикке жатат.
  4. Төлгөчүгө баруунун эле жазасы ушундай болсо, анда төлгөчүнүн өзүнүн жазасы кандай болорун ойлоп көр?
  5. Кырк күндүк намаз окулган болуп эсептелет, анын казасы окулбайт, бирок сообу болбойт.
Дагы...